super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев элчи Кылычбек Султанды колдоого алды

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев элчи Кылычбек Султанды колдоого алды. Өкмөт башчы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова тууралуу пикирин бүгүн, 26-сентябрда өкмөттүн жыйынында билдирип жатып:

"Элчи бир нече жолу ар кандай билдирүүлөрдү жасады. Бирок Тышкы иштер министрлиги тарабынан реакция болгон жок. Бул туурабы же туура эмеспи? Биз "Ачык өкмөт" программасын ишке ашырып жатабыз. Бул биздин бардык ишибиз ачык болушу керек дегенди түшүндүрөт. Эгерде аны аткара албасак, анда мамлекеттик кызматты таштайлы. Кайсы жерде жүрбөйлү, мамлекеттик иш сапарбы же салтанаттуу иш-чарадабы, жүрүм-турумубуз үлгүлүү болушу шарт. Тилекке каршы, арабызда ушундай кызматкерлер бар, алардын айынан иштин баары жарабай калып жатат. Сын уккубуз келбесе, ошого жараша өзүбүздү алып жүрүшүбүз керек", - дегенин 24.кг сайты жазып чыкты.

Эске салсак, элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинде болуп жаткан кемчиликтерди атап берген. "Элчиликтерде акча талап кылган учурлар, чет өлкөдөн кымбат баалуу унааларды аткезчилик жолу менен жеткирүү фактылары, чет өлкөдө дипломаттык номерлерди пайдалануу фактылары, дипломаттык кызматка тиешеси жок адамдарга дипломатиялык паспорт берүү фактылары. Мунун баарын мисалдар менен президентке маалымдайын десем тоскоолдуктар болууда. Мындан улам "төртүнчү бийлик" делген жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматты жеткирүүнү чечтим", - деген элчи.

Ошондой эле Кылычбек Султан президенттик аппараттан "Түштүк Кореяда учакта чуу салган эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова тууралуу маалымат таратпагыла" деген тапшырма түшкөнүн айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 23 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: