super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Америкалык актёр Шайа Лабаф актриса Миа Гот менен ажырашат

 

Америкалык актёр Шайа Лабаф англиялык актриса, модель Миа Гот менен ажырашат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жылдыздуу түгөйлөрдүн жакын адамдарынын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышкан.

Белгилүү болгондой, актёр менен актриса ажырашып жатканына карабастан бири-бирине болгон сый мамилесин сактап калат. Түгөйлөрдүн жакындары Шайа Лабаф менен Миа Готтун ажырашуусуна эмне себеп болгонун жана башка маалыматтар жайылтылбай турганын маалымдашкан. Бул жылдыздардын чечими экени айтылган.

Түгөйлөр 2012-жылы "Нимфоманка" тасмасына тартылуу учурунда таанышып, 2016-жылы Лас-Вегаста үлпөт тоюн өткөргөн.

Такталбаган маалыматтарга ылайык, Шайа Лабаф британиялык ырчы, бийчи Талия Дебретт Барнетт менен сүйүү мамилесин курган. Мындан улам ак никедеги жубайы менен ажырашкан деген пикирлер айтылууда.

Маалымат үчүн: Шайа Саид Лабаф 1986-жылы 11-июнда АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Ал "Трансформерлер", "Паранойя", "Индиана Жонс жана хрусталь баш сөөктөр падышалыгы" жана башка тасмаларда роль жараткан.

Ал эми актёрдун жубайы Миа Мелло да Сильва Гот 1993-жылы 30-ноябрда Британиянын Лондон шаарындагы Саутуарк административдик аймагында төрөлгөн. 13 жашынан тарта модель болуп иштей баштаган. 2013-жылы актрисалык тушоосун кесип, "Тоннель" тасмасына тартылган. Андан кийин "Нимфоманка", "Эверест", "Жашап кетүү боюнча адис" жана башка тасмаларда роль жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
27.09.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайа Лабаф жаш корунот экен, Миа Гот куникко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: