super.kg logo
  Спорт  

Кум жээкте ойнолуучу футбол боюнча Өлкө кубогунун 2-туру жыйынтыкталды

 

Кечээ, 26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Боз-Бешик айылында алгачкы жолу кум жээкте ойнолуучу футбол боюнча Өлкө кубогунун 2-туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.

Өлкө кубогунда жалпы 7 команда катышууда. Мелдештин 2-күнү "А" тайпасында 2 беттеш жана "В" тайпасында 1 беттеш орун алды. Анда алгачкы беттеште Жети-Өгүз командасы Каракол менен командалары кез келип, Жети-Өгүз командасы 4:2 эсебинде жеңишке жетти.

2-беттеште Бишкек менен Нарын командалары кез келишти, Бишкек командасы атаандашынын дарбазасына 5 гол киргизсе, Нарын 1 гол менен гана жооп бере алды.

3-беттеште Жалал-Абад менен Боз-Бешик командаларынын тиреши орун алды. Жалал-Абад командасы 2 гол киргизсе, Боз-Бешик командасы 3 гол киргизип жеңишти илип кетти.

Муну менен "А" тайпасынын турнирдик жадыбалында Жети-Өгүз командасы 6 упай менен 1-орунда жайгашса, Бишкек командасы 6 упай менен 2-орунда, упайсыз Каракол жана Нарын командалары 3-4-орундарда жайгашкан.

Ал эми "В" тайпасынын турнирдик жадыбалында 1-орунда 3 упай менен Чүй, 2-орунда 3 упайы бар Боз-Бешик жана 3-орунда упайсыз Жалал-Абад командасы жайгашкан.

26-сентябрда орун алган беттештердин жыйынтыгы:

Жети-Өгүз - Каракол - 4:2;

Бишкек - Нарын - 5:1;

Жалал-Абад - Боз-Бешик - 2:3.

Бүгүн, 27-сентябрда өтүүчү беттештер:

9:30: Жети-Өгүз - Бишкек;

10:30: Каракол - Нарын;

11:30: Чүй – Жалал-Абад.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: