Футзал боюнча Суперлиганын жаңы сезону 12-октябрда старт алат

Кыргыз өлкөсүнүн футзал боюнча Суперлиганын жаңы сезону 12-октябрда старт алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Анын айтымында, аталган мелдешке 12 команда катышып, медалдар үчүн күч сынашат. Командалар 4 тайпага бөлүнүп өз ара беттешет. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында 1-орунду ээлеген командалар жарым финалдык баскычка өтөт.
Чүчү кулактын жыйынтыгы:
- "А" тайпасы:
- "Мурас" (Ысык-Көл);
- "Жакшылык-Илбирс" (Бишкек);
- "Алай-Мурдаш" (Ош облусу).
- "В" тайпасы:
- "Фарватер" (Бишкек);
- "Бакубат-Талас" (Талас облусу);
- "Ала-Тоо" (Нарын облусу).
- "С" тайпасы:
- "EREM" (Ош);
- "Жаш-Муун" (Жалал-Абад);
- "Баткен" (Баткен облусу).
- "D" тайпасы:
- "Алга" (Бишкек);
- "Sun City" (Бишкек);
- "Строй-Мир" (Бишкек).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Akmatov030

27.09.2018. 09:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ерем алга
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.