super.kg logo

Жогорку Кеңешке Гуревичтин билдирүүсү боюнча маалымат берүү үчүн баш прокурор чакырылды

 

Евгений ГуревичЖогорку Кеңеш 27-сентябрдагы жыйынын баштады. Каттоодон 107 депутат өттү.

Күн тартиби кабыл алынып жатканда депутат Наталья Никитенко Евгений Гуревич боюнча сунуш киргизди.

"2010-жылдан берки өлкөдөн чыгарылып кеткен акчалар тууралуу маалымат угууну сунуштайм. Гуревичтин Бакиевдер өлкөдөн алып кеткен каражаттар боюнча билдирүүсү тууралуу баш прокурордон маалымат алалы. Аталган окуяларга тийиштүү делген бардык тараптардын жетекчилеринин маалыматын угууну сунуштайм”, - деди Никитенко.

Сунуш колдоого алынып, жыйынга укук коргоо органдарынын башчылары чакыртылды.

Буга чейин Башкы прокуратура Евгений Гуревичтин "мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион долларды чыгарып кеткен" деген билдирүүсү боюнча териштирүү иштерин баштаганын кабарлаган.

Учурунда Бакиевдердин каржылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич "Азаттыкка" берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ошондой эле 2015-жылы Кыргыз мамлекетинин прокуратурасынын өкүлдөрү АКШнын Алабама штатына барып, өзү менен жолукканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: