super.kg logo

Жолдогу коррупция. Депутаттар транспорт жана жолдор министринин кызматтык жоопкерчилигин кароону талап кылышты

 

Жамшитбек КалиловТранспорт жана жолдор министрлиги - эң коррупциялашкан мекеме. Мындай маалыматты депутат Сайдолимжон Жураев парламенттин жыйынында айтып чыкты.

Эл өкүлү министрдин кызматтык жоопкерчилигин кароону талап кылды.

“Башталган көпүрөнүн курулушу аягына чыкпай турат. Эмне үчүн буга тийиштүү болгон министрликтин башчысы жооп бербей жатат? Урматтуу президентибиз Сооронбай Шарипович эң негизги багыттарынын бири катары коррупцияга каршы күрөштү тандап алган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өлкөдөгү эң коррупциялашкан мекеме - бул Транспорт жана жолдор министрлиги. Аталган мекеме биринчи орунда турат. Министр болсо дале иштеп жатат. Таң калычтуу көрүнүш. Каякта иш жүрбөсүн, тендер өтпөсүн ошол жерде кылмыш иши козголот. Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, аталган министрликте 2016-жылы 231 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталган. 2017-жылы болсо 350 миллион сомду түзгөн. Бул министрликтин ар ишинде каржылык мыйзам бузуу бар. Министрге эч кандай чара көрүлбөй жатат”, - деди Жураев.

Ал өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө аталган маселеге көңүл буруу керектигин айтып, министрдин кызмат жоопкерчилигин кароого чакырды. Андан башка да депутаттар аталган министрликтин ишине нааразычылык билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 2016-жылдан бери аталган кызматта иштеп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: