super.kg logo

Кочкордо белгилүү манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгы белгиленет (сүрөт)

 
Сагынбай Орозбак уулунун Ормонхан айылындагы күмбөзү
Сагымбай Орозбак уулунун уулу Жамангул Сагымбай уулунун байбичеси Калбүбү. Ал быйыл 90 жашта

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормонхан айылында көрүнүктүү манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чара 29-сентябрь күнү аталган айылда өтөт.

"Кочкор районунун Ормонхан айылында өтө турган мааракелик иш-чараларга илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, белгилүү төкмө акындар, коомдук жана саясий ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Ошондой эле иш-чарада жогорку окуу жайларда ачык сабактарды жана класстык сааттарды, илимий-практикалык конференцияларды, спорттук ат оюндарын, "Манас" эпосун айтуучулардын арасында сынактарды, театралдаштырылган оюндарды коюу белгиленген", - деп жазылат маалыматта.

Көрүнүктүү манасчы Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930) 1867-жылы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде "Кабырга" деп аталган жерде туулган.

Сагымбай Орозбак уулу 9 жашында өзбек молдосунун жетекчилиги алдында арабча билим алып, ырдаганды жана ыр жазганды үйрөнгөн. Ошол мезгилдеги белгилүү манасчылардын айткандарын угуп, "Манас" эпосуна 15 жашынан тарта кызыга баштаган.

Сагымбай Орозбак уулу эл арасында "Манас" эпосунун сюжеттик толуктугу жана жогорку көркөмдүүлүгү менен айырмаланган эң көлөмдүү вариантын айтуучу катары атагы чыккан. Окумуштуу-фольклорчулар арасында анын варианты кыргыздын баатырдык эпосунун классикалык версиясы болуп саналат.

Эпостун текстин жазуу үчүн айтып берген биринчи манасчы - Сагымбай Орозбак уулу. Анын жазгандарын 1922-жылы башталып, 1926-жылы бүткөн жана 260 басма табакты түзөт. Манасчы оорусунан улам манас айтууну уланта албай, эпостун экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү "Семетей", "Сейтекти" айтып бере албай калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: