super.kg logo
  Саясат  

ЭЛДИК ВИДЕО: 2002-жыл, Адахан Мадумаров: "Акыйкатчы кимге көз каранды болот. Ал президентке көз каранды болот”

 

SUPER.KG'нин "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө саясатчы Адахан Мадумаров 2002-жылы Акыйкатчы институтун түзүү учурунда курч сүйлөгөн видео жүктөлдү.

Видеодо ошол кездеги эл өкүлү Мадумаров Акыйкатчы институту эркин иш жүргүзө албай турганын, ал президентке жана анын администрациясына көз каранды болорун айткан.

“Акыйкатчы институтун түзүү мыйзамын эмне үчүн кабыл алып жатабыз. Суу менен абадай керек деп жатабыз. Ооба, эгер ошол аба кандай булганган болсо, акыйкатчы ошондой эле булганат. Кимге көз каранды болот? Президентке жана анын администрациясына көз каранды болот”, - деген Мадумаров.

Айта кетсек, кечээ, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында акыйкатчыны шайлоо болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн акыйкатчысы болуп Токон Мамытов шайланды. Ага депутаттардын 79у “макул” деп добуш берди.

Калган талапкерлер: Рита Карасартова 9 добуш, Канатбек Азизге 19 добуш алган. Ал эми Рыскул Бактыбаев 6 добушка ээ болгон.

Ушул тапта интернет колдонуучулар Токон Мамытовдун көп жылдар бою атайын кызматта, укук коргоо, күч түзүмү тармагында, тагыраагы, адамдардын укугун басмырлаган тармакта иштеп келгенин айтышып анын мурунку эмгек жолу адамдардын укугун коргоого ылайык келбейт деп сындашууда.

Ошондой эле коомчулук адам укугун коргоо жаатында үзүрлүү эмгектенип келген, тажрыйбалуу талапкерлерди колдобой, өзүлөрүнө керектүү адамды шайлап алганы үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына нааразычылыгын билдиришүүдө.






Адахан Мадумаров, Акыйкатчы Институту тууралуу, 2002-жыл: “Акыйкатчы кимге көз каранды болот. Ал президентке көз каранды болот”.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: