Өкмөттүн басма сөз кызматы элчи Кылычбек Султанды колдогону тууралуу маалыматты четке какты
Кечээ SUPER.KG сайтында 24.kg маалымат агенттиги жарыялаган кабарга таянып, "Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев элчи Кылычбек Султанды колдоого алды" деген кабар жарыяланган. Анда премьер-министр Каденованын Сеулдагы окуясын сынга алып: "Сын уккубуз келбесе, ошого жараша өзүбүздү алып жүрүшүбүз шарт", - деген.
Бүгүн порталга байланышкан өкмөттүн басма сөз кызматы элчи жөнүндө сөз болбогонун айтып, маалыматты четке какты.
24.kg маалымат агенттигинен тышкары жогорудагы маалыматты kaktus.media жана paruskg.info сайттары да жазып чыгышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

