super.kg logo

Айнуру Алтыбаева: "Аскер кызматында жүрүп эки колунан ажыраган Руслан Сапарбаевге протез сатып алууга биз да 1 күндүк айлыгыбызды берели"

 

"Аскер кызматында жүрүп эки колунан ажыраган Руслан Сапарбаевге акчалай жардам берели" деп сунуштады депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин жыйынында.

Ал Сапарбаевге протез сатып алууга каражат керек болуп жатканын айтып чыкты.

"Биз бул жерден мекенчилдик жөнүндө көп сүйлөйбүз. Мына жакында эле аскер кызматында жүргөн Руслан Сапарбаев эки колунан ажырады. Ага протез сатып алууга акча жок. 200 миң сом топтолуптур. Биз да жардам берели. 1 күндүк айлык маянабызды которолу. Ал жигит аз камсыздалган үй-бүлөдөн болгон. Жалгыз уул экен. Эмне үчүн аны аскерге чакырышты?" - деди Алтыбаева.

Төрага аталган сунушту жазуу түрүндө бериш керектигин айтты.

22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган.

Алган жаракатынан улам Бишкектеги 4-ооруканага алынып келип, алгач оң колунун, андан кийин сол колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген.

Анын жеңеси Венера Өмүралиеванын айтымында, ал иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган. Ал эми Башкы штаб жоокер тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип барып, токко урунганын айтууда. Буга байланыштуу аталган аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынган.

Руслан Сапарбаевге жардам берүүнү каалагандар апасы Венера Сейталиеванын 0707 75 00 80 Элсом номерине же 1030121100001856 эсебине акча которуп койсоңуздар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.09.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бир күндүк маянасы канча
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: