super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбандар эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат. Алардын катарында Мелис Турганбаев бар

 

Чынарбек ИзабековКыргыз балбандар Македонияда өтө турган эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы билдирди.

Скопье шаарында 28-30-сентябрда өтө турган мелдеште 3 жаш категорияда беттештер өтүп, анда Кыргыз өлкөсүнөн 4 балбан катышат. Кыргыз балбандарынын катарында Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Чынарбек Изабеков жана Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Мелис Турганбаев бар.

Эске салсак, 2017-жылы өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 7 кыргыз балбан катышкан. Алар 2 күмүш жана 1 коло медаль тагынып келген. Чынарбек Изабеков менен Нурдин Донбаев күмүш медалдарга татыса, коло медалды Апты Инакеев утуп алган.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

  • 50 жашка чейинки категория:
    • 70 килограммга чейинки салмак ченинде: Кубан Эркимбеков;
    • 100 килограммга чейинки салмак ченинде: Чынарбек Изабеков.
  • 55 жашка чейинки категория:
    • 70 килограммга чейинки салмак ченинде: Талант Бегалиев.
  • 60 жашка чейинки категория:
    • 78 килограммга чейинки салмак ченинде: Мелис Турганбаев.
  • Машыктыруучу: Сүймөнкул Табалды уулу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: