Кытайда жүрөгүнүн согушу токтоп калган бейтапты 30 дарыгер биргеликте ажалдан алып калышты
Кытайда дарыгерлер бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн 5 саат бою алмак-салмак күрөшүп, аны өлүмдүн оозунан алып калышты. Бул тууралуу кытайлык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 1 жума мурун Сяоюй аттуу бала жүрөк оорусу кармап ооруканага түшкөн. Бейтап миокардит оорусунан жабыр тарткандыктан анын жүрөгү сокпой калган.
Бейтаптын жүрөгүн кайра иштетүү үчүн 30 дарыгер 5 саат бою алмак-салмак аракет кылышкан. Алар бейтаптын жүрөгүнө 30 миңге жакын компрессия жасашып аны ажалдын оозунан сууруп алышкан.
Дарыгерлердин жасаган аракетинен кийин Сяоюйдун абалы турукташкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
8

Ушул докторлор бир адамдын омуру учун ушунча курошкону урмат-сыйга татыктуу корунуш...