Ош шаарында кайыр сурап отурган 80 жаштагы апа неберелерине деп чакан үй курган








Кечээ социалдык тармактарда Ош шаарынын Араван көчөсүндө кайыр сурап отурган апанын сүрөтү кызуу талкууга алынган. Апа тууралуу маалыматты журналист Гүлжан Алтымышбаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров апанын аты-жөнү Ашим Анарбаева экенин жана Оштун Озгур айылынын тургуну экенин билдирип тиешелүү органдар апанын абалынан кабар алып турарын билдирген.
Бүгүн Ош шаардык мэриясынын жана тиешелүү органдардын кызматкерлери атайын Озгур айылына апанын үйү бар же жок экенин билүү үчүн барышкан.
"Кайырчылык кылган эненин үйү бар же жок экенин билүү үчүн атайын Озгур айылына келдик. Бизге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы берген маалымат чын экен, апанын үйүнө жана жаңы салынып жаткан чакан үйгө күбө болдук. Ал жумасына 2 жолу Ош шаарына барып кайыр сурайт, жергиликтүү такси айдаган жашоочулар апаны жеткизип коюшат экен. 80 жаштагы Анарбаева 5 миң 500 сом пенсия алат. Мындан сырткары ага мечиттерден кайрымдуулук кылып акча берилип турат. Апанын кышка көмүрү, отуну бар экен", - дейт Абсаттаров.
Буга чейин Анарбаеванын 2 небереси реабилитациялык борбордо тарбияланары жазылган. Мэрия тарткан видеодо апа неберелерине деп чакан үй курдуруп жаткандыгы айтылган.
Ал эми Абсаттаровдун айтымында, апа карылар үйүнө баруудан баш тарткан. Мындан ары да тиешелүү органдар жана жергиликтүү бийлик апанын абалынан кабар алып турушат.
кошулду
Ошто кайыр сурап отурган апанын үйүнүн абалы

Саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
Мындайлар качан кочого чыгышын кутобузбу? алдын алса болотго??.....