super.kg logo

Унаанын отургучтарынын астына жашынып Казакстанга өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды

 

"Акжол-автожол" чек ара пунктунан унаанын отургучтарынын арасына жашынып Казакстанга өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-сентябрда Кыргыз өлкөсүнүн 44 жаштагы Р.Ш. аттуу жараны Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен көзөмөл жайынан өтүүгө келген. Чек ара нөөмөткери автотранспортту текшерүү маалында унаанын арткы отургучунун астында жуурканга жашынып жаткан белгисиз жаранды тапкан.

Териштирүүдө ал 33 жаштагы С.К. аттуу Кыргыз жараны экени аныкталып, тиешелүү органдар тарабынан өлкөдөн чыгууга чектөө коюлган. Ошондой эле кармалган С.К. шарттуу түрдө соттолгондуктан, такси айдаган Р.Ш. аттуу айдоочу менен алдын ала акча берип макулдашып, Казакстанга өтүүгө аракет кылган.

Чек арачылар эки жаранды тең кармап, тиешелүү документтер толтурулган соң укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.09.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул тууралуу кенениреек маалымат бере кетсенер жакшы болмок суперчилер
27.09.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шарик бирого ишенип алганго.алып отуп кетем десе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: