super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 28-СЕНТЯБРЬ: Орусиялык атактуу мушкер Фёдор Емельяненко 42 жашка толду

 

Орусиялык дзюдочу, самбочу жана мушкер Фёдор Емельяненко 42 жашка толду. Ал 1976-жылы 28-сентябрда Украинанын Луганск облусундагы Рубежное шаарында төрөлгөн. Спортчунун лакап аттары - Акыркы император, Планетанын эң "крутой" адамы. Фёдор Емельяненко оор салмактагылар арасында аралаш согуш өнөрүнөн (ММА) Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону аталган. Уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону.

2003-2010-жылдары Емельяненко дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары ("ESPN", "Sherdog", "Full Contact Fighter", "Full Contact Fighter", "MMA Weekly", "Nokaut") тарабынан оор салмактык категорияда ММА`дин мыкты мушкери деп таанылган.

Фёдордон жеңилген мушкерлердин катарында Антониу Родригу Ногейра, Сэмми Схилт, Марк Коулмен, Рикарду Арона, Мирко Филипович, Тим Сильвия, Андрей Орловский, Марк Хант жана башкалар бар.

Ал ММА`дин тарыхында 10 жылга чукул аралыкта атаандаштарын жеңилүүгө аргасыз кылып, жеңилбес атын сактай алган.

Емельяненко туруктуу күйөрманы Владимир Путин менен

Эң биринчи расмий жеңилүүсү 2000-жылы 22-декабрда япониялык мушкер Цуёси Косака менен болгон беттешинде катталган. Анда Цуёси Фёдорду тыюу салынган чыканак менен уруу ыкмасына салып жеңген.

Ошентсе да Емельяненконун аброю түшкөн эмес. Орусия жана Японияда өткөн беттештерде жеңишке жеткенден кийин Емельяненко спорттон кете тургандыгын жарыялаган. Бирок 3 жыл өткөндөн кийин октагонго кайтып бир нече беттештерде жеңиштерди камсыздай алды.

Фёдор Емельяненко 2012-жылы Орусиядагы ММА`дин аралаш согуш өнөрү боюнча түзүлгөн бирикмесинин биринчи президенти деп таанылган.

2018-жылы президенттик шалоо учурунда Владимир Путиндин ишенимдүү өкүлү болгон.

Емельяненко Дональд Трамп менен

Жеке жашоосу

Фёдор 1999-жылы Оксана аттуу кызга үйлөнгөн. Ошол эле жылы Маша аттуу кыздуу болушкан. Түгөйлөр 7 жылдан кийин, тагыраагы, 2006-жылы эки ажырым жолго түшөт.

Ушундан көп өтпөй Фёдордун Марина аттуу дос кызы менен мамилеси жакындап, экөө 2007-жылы кыздуу болуп, анын атын Василиса коюшат. 2009-жылы Фёдор Маринага үйлөнүп, 2011-жылы Елизавета аттуу кыздуу болушкан. Бирок 2013-жылы Фёдор Емельяненко Марина менен ажырашып, мурунку түгөйү Оксанага кайткан. 2017-жылы орус басылмалары экөө кыздуу болушканын жазышкан.

Фёдордун мушташуу ыкмалары Electronic Arts`тын компьютердик оюндарына киргизилип, анын персонажы түзүлгөн.

28-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: