super.kg logo

Сеул-Алматы каттамында кайрадан ызы-чуу. Жүргүнчүлөр "Эйр Астана" компаниясынын кызматкерлерин сөгүп, чуу салышты

 

"Эйр Астана" авиакомпаниясы Сеул-Алматы каттамындагы жаңжал тууралуу маалымат таратканын казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түнү Сеулдан Алматыга багыт алган КС-960 каттамында балдар-кыздардын тобу учактын борт коштоочуларына ар кандай жаман сөздөрдү айтып аларга өз кызматын аткарууга тоскоол болушкан. Чуу салгандар алтоо болгон.

"Мындай жүрүм-турумдан улам чуу салган балдар-кыздарга спирт ичимдиктерин берүүгө тыюу салынган. Жүргүнчү кыз жол бою борт коштоочуларды сөгүп, ар кандай жаман сөздөрдү айтып отурган. Ага эскертүү берилип, атайын акт толтурулган", - деп жазылат маалыматта.

Учак Алматыга конгон соң өзүн жаман алып жүргөн жүргүнчү кыз укук коргоо органдарына өткөрүп берилген. Буга чейин казак интернет булактарында жүргүнчү кыздын борт коштоочуларга кылган жаман мамилеси тууралуу жарыяланып, кызуу талкууга алынган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова кыргыз чиновник аялдын мас болгондугуна байланыштуу Сеул-Алматы каттамындагы учак кармалып жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Кийинчерээк аталган чиновник эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова экени белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
27.09.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр мастар самолет менен каттап калышкан окшойт.
27.09.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Булар дагы кыргыз болуп уят кылбаса болду
27.09.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Интернетте челендж деген неме барго балким ошол биздин эжекебиздин челенджин улап жатышкандыр )))
28.09.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча коптуруп жатат го
28.09.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвага жакында учканбыз.Бир эмес коп жургунчуну кордум бурулдап мас чыгышты самол4тко.Неге ошолорду козомол кылышбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: