super.kg logo

Прокурор мурунку вице-премьер Зилалиевди 2 жылга эркинен ажыратууну өтүндү

 

Бүгүн, 27-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин кароо улантылды.

Соттук отурумдун жүрүшүндө прокурор айыпталуучу окуя болгон күнү жол боюнда турган милиция кызматкерлерин байкап, ал жолдон президенттин кортежи өтө турганын билип туруп токтогонун айтты. Анын айтымында, Зилалиев ИИМ академиясынын курсант кызы Самара Өмүракунованы чакырып, "Азыр бомба жарылат" деп айтып, кетип калган.

"Курсант бул тууралуу УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкерине жана академиянын кызматкерлерине билдирген. Аталган аймакка оперативдик ыкчам иликтөө тобу келип, эч кандай жарылуучу зат тапкан эмес", - деди прокурор.

Мамлекеттик айыптоочу Зилалиевдин күнөөсү толугу менен далилденгенин белгиледи. Прокурор соттон Зилалиевди күнөөлүү деп таап, 2 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөсүн өтүндү. Ошондой эле прокурор Зилалиевден жалган маалыматтын айынан мамлекетке чыгым келтирилген 5 миң 200 сом өлчөмүндөгү акча каражатын мамлекеттин эсебине өндүрүп берүүнү жана аны сот залынан камакка алууну суранды.

Жактоочу Зилалиевдин кылмыш иши бир жактуу каралганын айтты. Ал айыпталуучунун аракеттеринде кылмыштын курамы жок экендигине байланыштуу аны актап, камактан бошотуу керектигин кошумчалады.

Буга чейин "Дело №" гезити 2017-жылдын 24-ноябрында президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Дүйшөнбек Зилалиев болсо жогорудагы маалымат абсурд экенин, болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.09.2018. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дели чыгыптыр го. Исаковдун эрке баласы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: