super.kg logo

"АКШга ойноп эле барып келгенсиңер". Депутат Гуревичке жолукканы барган тергөөчүнүн эч кандай маалымат алып келе албаганын сындады

 

Зарылбек Рысалиев"АКШга Евгений Гуревич менен жолугууга планы жок эле барып келдиңер" деди депутат Зарылбек Рысалиев парламент жыйынында укук коргоо органдарынын жетекчилерине.

Анын айтымында, аталган сапар башкы прокурор айрым маалыматтарды туура эмес берген.

"Гуревичке жолуккан тергөөчүгө суроо түзүп берип койдуңар беле? Силер бизнесмендер отурат деп эле ар маалыматты айтып жатасыңар. Арабызда ушул системде иштеген кишилер бар. Абайлап сүйлөсөңөр. Тергөөчү Мелис Мырзакановдун аталган сапары боюнча протоколду окуп бериңизчи. Эмнеге барып келдиңиздер? Эч кандай документ жок эле АКШга барып келгенсиңер. Бул шалаакылык", - деди Рысалиев.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов аталган сапар боюнча протокол түзүлгөн эместигин айтты. "Мен мыйзам чегинде түшүндүрүп берип жатам. Тергөөчү ойноп барган жок да. Ал дагы ушул иштин негизинде барып келди", - деди ал.

Бүгүн, 27-сентябрдагы Жогорку Кеңеш Бакиевдердин жакын адамы болгон Евгений Гуревичтин билдирүүсү боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын укту. Гуревич буга чейин "Бакиевдер Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар каражат чыгарып кеткен" деп маек берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: