super.kg logo

Депутат Рыскелди Момбеков Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттарды "каралар" аркылуу өндүрүүнү сунуштады

 

"Башкы прокуратура керектүү маалыматтын үстүнөн териштирбестен башка жакты эле карап отурасыңар" деп депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында сындады.

Ал Максим Бакиев менен анын жакындары өлкөдөн чыгарып кеткен 6 миллион долларды кайтарып алууга жетиштүү аракет көрүлбөй жатканын айтты.

"6 миллион доллар артка кайтарыла турган болсо 33 пайызын жардам берген "Akin Gump" компаниясы алат да э? Ушул келишимди негиздүү деп ойлойсузбу? Тигилерге үчтөн бирин берип коюп жатпайбызбы. Мындай келишим болбойт да. "Каралардын" "ставкасы" деле мындан аз болот. Аларга берсек 10 пайыз менен эле өндүрмөкпүз да", - деди Момбеков.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул ыкма дүйнөлүк практикада бар экенин айтты. "Мен алардын (каралардын - ред.) "ставкасын" билбейм. Бирок бизге эң ыңгайлуу вариант ушул. Дүйнө жүзүндө ушул сыяктуу юридикалык компаниялардын кызматынан пайдаланылат экен", - деди Жамшитов.

"Каралардын" "ставкасын" сиз билбесеңиз, Кашкар Жунушалиев (ички иштер министри - ред.) жакшы билсе керек. Убагында Либерман деген чыккан. 2005-жылдагы Акаевдин үй-бүлөсү чыгарып кеткен каражаттарды табабыз деп ага 500 миллион сомду карматтык эле. Кийин анын өзүн таппай калганбыз. Бул деле ушундай да", - деди Момбеков.

Бүгүн, 27-сентябрда парламент Бакиевдердин өлкөдөн чыгарып кеткен каражаттары тууралуу укук коргоо органдарынын маалымат укту.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
27.09.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага болгону 5% эле бергиле ошол сумманын мен силерге ондуруп берем .... Бирок силерда мени таппай каласынар
27.09.2018. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Краларга кунунор тушуп калдыбы.
Же Кыргызыстанды Каралар башкарабы
27.09.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каралар башкарат явно эле айтты,ошол учун онукпойбуз биз байкуш элбиз ээрчиме ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-27 17:49:23
27.09.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстан каралардын колунда жашайт экенбиз даа
27.09.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
«Караларын» Максимдин атын укканда кирээрге тешик издеп калат го дейм, бул Момбеков да суйлойт десе суйлой берет экен да.
27.09.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ары жоктор. ТЕЦтин акчасын ондуро алышпайт анан кайдагы Бакиев. Ушул Момбеков калп эле элдин конулун буудай куруган тили менен алгысы келе берет.
pat12 түзөттү 2018-09-27 18:01:28
27.09.2018. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рыскелдинин башкы прокуратураны тергегени юридикалык деги эле жогорку билими жокко кантип анан аларга акыл уйротот оозун жаап эле отура берейби, мен негеир ушул кишини коргондо негедир Мискебаевди коргондой эле боло берем. экоонун созу да ону да окшоп кетет.
28.09.2018. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
каралар менен ишин бутурот турбайбы озу, корсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: