super.kg logo

Нарындын Жумгал районунда "КСДП Атамбаевсиз" ураанын колдогон жыйын өттү

 

Нарын облусунун Жумгал районунда "КСДП Атамбаевсиз" ураанын колдогон жыйын өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири Тариэль Болотбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга Жумгал районунун 13 айыл өкмөтүнөн келген делегаттар катышып, "КСДП Атамбаевсиз" ураанынын демилгечиси Сагынбек Абдрахманов сунуштаган резолюцияны бир добуштан колдоого алышкан.

Резолюция бир нече пункттардан турат, алардын негизгиси: Республиканын бардык аймактарында "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында партиялык райондук, облустук кезексиз жыйындарды өткөрүү, партиянын саясий кеңешиндеги жана партиянын татыксыз мүчөлөрүнөн арылуу. Ушундай эле жыйын эртең Нарын шаарында өтөрү кошумчаланат билдирүүдө.

Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Кочкор, Москва, Панфилов, Сокулук жана Токтогул районунда жыйындарды өткөргөн.

Ал эми КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева Абдрахманов КСДПнын тизмесинде жок экенин, өтүп жаткан жыйындар КСДПнын катчылыгы менен биргеликте өткөрүлүшү керек экендигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
27.09.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевди азыр эч ким колдобой калды. Жер-жерлерде АШАнын СДПКдан кетишин талап кылып, ага каршы күрөш жүрүп жатат. Эми Атамбаев сыйы менен гана болсун.
27.09.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан Атамбаевсиз деген ураан өлкө боюнча жайылышы керек. Мындай бир кылымда келе турган кырсыктан Жараткан озу сактасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: