super.kg logo

Бишкекте адамды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткенге шектүү адам Ысык-Көлдөн кармалды

 

Бишкекте адамды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткенге шектелип орусиялык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрга караган түнү саат 3:00дөр чамасында Бишкектеги Жибек Жолу жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 40-45 жаштагы кишини унаа сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу изин суутуп кеткен.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ошо эле күнү Мерседес-Бенц 320 үлгүсүндөгү унаа Чүй облусунун Озёрное айылынын аймагынан табылган. Ал эми 25-сентябрда унаанын айдоочусу - кылмышка шектүү, 1993-жылы туулган К.С. аттуу адам Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында кармалган.

Кылмышка шектүү Бишкек шаардык Ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, иш тергөө органдарына өткөрүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.09.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге атын жашыра бересинер тушунбойм? Окурмандар атын билип алат дейсинерби, билгенде биздин колдон не келмек эле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: