super.kg logo

Ошто жол тандабас 6 жашар баланы өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти. Учурда изделүүдө

 

Бишкек-Ош унаа жолунда 6 жаштагы баланы жол тандабас унаасы сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда ал изделип жатканын Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы, кечээ, 27-сентябрь күнү саат 18:50 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр аймагында болгон.

"Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылынын 6 жаштагы тургуну А.Н.ны белгисиз айдоочу Тойота-Прадо үлгүсүндөгү ак түстөгү жол тандабас менен сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Кырсыктын натыйжасында бала окуя болгон жерден каза болгон. Ош ОИИБинин жана Кара-Суу РИИБинин ыкчам кызматкерлери жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан унаа изделүүдө. Ош облусунун аймагында "Курчоо" иш мерчеми киргизилип, шаар жана райондордун кире бериш жана чыга бериш жерлерине блок посттор коюлду", - деди басма сөз кызматкери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
28.09.2018. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Милициядан го качасын, Кудайдан кантип качар экенсиң. Уяты жок кичинекей периштенин арбагы уктатпайт.Баланын ата энесине сабыр. Кудайым баарыбызды боодо кырсыктан сактасын.
28.09.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак да. Кымбат унаа минип озун Кудай сезген бир копкон бироо да. Ошонун жакындарын бироо олтуро сузсо кандай болоор экен эле озу?!!

Адырандабай акырын айдаса жетмек жетчу жерине.....
28.09.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга тообо кылдым, бул дуйно кайтар дуйно, озунун башына тушпойт деп эч ким айта албайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: