super.kg logo

"Бул маселени чукулоо бирөөгө керек болуп калган окшойт". Акылбек Жапаров плагиат делген докторлук диссертациясы тууралуу пикирин билдирди

 

“Илимий даражам боюнча китебим 2009-жылдан бери эле китепканаларда турат". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, аталган илимий эмгекти атайын стратегиянын негизинде иштеп чыгышкан.

"2009-жылы да бул маселени бир чукулап көрүшкөн. Азыр да чукулап жатышыптыр. Докторлук диссертациям эч жерде катылган эмес. Шайлообек Мусакожоев илимий жетекчим болгон. Стратегия жазып, ошонун негизинде иштеп чыкканбыз. Бул маселени чукулоо 10 жылдан кийин дагы бирөөгө керек болуп калган окшойт. Азыр доско караганда душман көп. Буга чейин бизнесиме, үй-бүлөмө асылып көрүштү. Эми ушул темага кайра кайтып келишти”, - деди ал.

Буга чейин Орусиянын "Диссернет" эркин коомдук тармагына Акылбек Жапаровдун докторлук диссертациясындагы айрым маалыматтар башка булактан көчүрүлүп алынганын жазып чыгышкан. Маалыматка караганда, башка булактан алынды делген маалыматтардын астына авторго шилтеме берилген эмес. "234 беттүү маалыматтын 107си башка булактан көчүрүлгөн", - деп жазылат анда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.09.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сатып алгам деп ачыгын айтта
28.09.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошолорго мээлери жетет бекен ушулардын, башка жактан көчүрүлгөнүнө
01.10.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ж
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: