super.kg logo
  Спорт  

Жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу барат

 

Аргентинада өтүүчү жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу барат. Бүгүн, 28-сентябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов Кыргыз курама командасын узатты.

"Буга чейинки Олимпиада оюндарынан Кыргыз спортчулары алтын, күмүш жана коло медалдар менен кайтып келишчү. Силер дагы жакшы жыйынтыктар менен кайтып келесиңер деп ишенебиз. Бул мелдеш силер үчүн өзүңөрдү көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк. Олимпиадада өлкөбүздү татыктуу көрсөтөсүңөр деп ойлойм. Аргентина алыс болсо дагы, бул узак жол силерди бириктирерине ишенем", - деди Канат Аманкулов.

Спортчуларга ийгилик каалаган соң Канат Аманкулов өлкөбүздүн туусун Кыргыз курама командасынын капитаны Элмирбек Садыровго тапшырды. Олимпиада оюндарынын ачылышында Кыргыз туусун Нурбек Айданбек уулу көтөрүп чыгат.

Жалпы эсепте жаштар арасындагы Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу барат. Алар спорттун грек-рим күрөшү, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика, заманбап айкалышкан беш спорт, стритбол жана фехтование түрлөрүндө катышат.

Кыргыз курама командасы эртең, 29-сентябрдан баштап Бишкек-Стамбул-Буэнос-Айрес багыты менен сапарга чыгышат.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Грек-рим күрөшү: Элмирбек Садырбеков - Кыргыз курама командасынын капитаны.

Дзюдо: Султан Жеңишбеков, Шахида Нармухамедова.

Сууда сүзүү: Денис Петрашов, Владислав Шулико.

Заманбап айкалышкан беш спорт: Екатерина Тарева, Айдар Кенжебаев.

Жеңил атлетика: Ева Кадырова.

Стритбол: Сыймык Есеналиев, Нурсултан Лугмазов, Нурбек Айданбек уулу, Деннис Геращенко.

Фехтование: Хасан Байдунов.

Машыктыруучулар:

Раатбек Мамбеков - грек-рим күрөшү;

Ислам Баялинов - дзюдо;

Евгений Петрашов - сууда сүзүү;

Александр Тарев - заманбап айкалышкан беш спорт;

Станислав Манжуев - жеңил атлетика;

Бахтияр Кадыров - стритбол;

Осмонжан Касымов - фехтование.






Кыргыз спортчуларды жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына узатышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: