super.kg logo

Депутат Матраимов өкмөт мүчөлөрүн жыйынга даярданбай келгенин айтып сынга алды

 

Депутат Искендер Матраимов өкмөт мүчөлөрүнүн жыйынга даярдыксыз келгенин сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

"Өкмөт мүчөлөрү жыйынга келе жатканда каралуучу маселеге тийиштүү адамдар келбейт экен, ким барат деп издешет экен. Анан телефонун алган же табылган чиновник эксперт жазып берген 4 баракты көтөрүп алып келе берет экен. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, жыйынга даярданып келсеңер. Кадр маселесине токтолсом, ар бир ишке өз ишин билген адамды койсоңор, эч нерсе билбеген кадрлар өкмөттүн жалпы ишин артка тартып коюуда", - деди Матраимов.

Учурда фракция жыйынында өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү багытында өкмөттүн аткарган иши, бизнести жүргүзүү жана глобалдык атаандаштыкка туруштук берүү индекси рейтингдеринде Кыргыз өлкөсүнүн көрсөткүчтөрүнүн маселеси каралууда. Жыйынга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.09.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир мындай жоопкерчилик деген болбойт экен да озу.Депутаттар оздору ушул кок мээлерди шайлап алып кайра алар менен ошол жерде кайым айтышып ит болуп журушот.Окмот дагы оздоруно тааныштарын алып келип алып,ал иштей алабы жокпу уруп ойнобойт.Иштей турган кадрларды тосуп,оздоруно жакындатпайт.Ушинтип отурсак онугушубуз ото кыйын...
28.09.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу деле кыйратуучу эмес бул депутат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: