super.kg logo

УКМК: "Чек ара кызматкерлери согуш жүрүп жаткан өлкөлөргө жарандарды жөнөтүүгө көмөктөшкөн"

 

Чек ара кызматкерлеринин согуш майданына кылмышкерлерди жиберүүгө жардам беришкени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү согуш майданына Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандарын жиберип турганы аныкталган.

Мыйзамсыз иштер Кыргыз өлкөсүнүн жарандары, кылмыштуу топтун мүчөлөрү О.Н. жана Ш.Н. тараптан Мамлекеттик чек ара кызматкерлери С.М., К.А. жана А.О.нун жардамы менен ишке ашырылган. Алар издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө мамлекеттик чек араны кесип өткөндүгү тууралуу штамп койдуруп берип турушкан. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында мындай 7 факт аныкталып, дагы 10 факт текшерилип жатат.

2018-жылдын 4-сентябрында чек ара кызматкери С.М. коңшу мамлекеттердин биринин жараны болгон эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүнө кыргыз аймагына киргендиги тууралуу штамп коюп берип жаткан учурда кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле билдирүүдө бул фактылардын негизинде бир нече кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгендиги кошумчаланган. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
28.09.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыык
28.09.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнөөлүү болсо жазаларын алышсын !!!
28.09.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Диний фанатизмге экстримизге болгон куроштуу токтотпош керек. Элдин билимге, илимге болгон ишенимин жогорулатуу керек. Бак отургузсан ал озунон озу осуп калбайт да жэ, мечиттерге барып сыйынып койсо эле бак озунон узо осуп калбайт да. Аны адам оз кучу акылы менен осурутуш керек. Ошондой эле адамдан откон кудуреттуу зат жок. Бизде баарын мечиттен издеп журушот.
Ka2sr1 түзөттү 2018-09-28 17:44:57
28.09.2018. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ka2sr1, Кудай сактай кор, Адамды кудуреттуу дединби? Кудурети куч бул Аллах Таала.
28.09.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы заманда карапайым элди жаштарды дин менен алдоо же кармоо онокот ооруга айланып барат.
29.09.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар жердин аркы бетинен келген тулкулорду жок кылыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: