super.kg logo

"Кара-Суудагы мектептин ачылышы белгиленген мөөнөттөн 5 мүнөт эрте башталган" дейт райондук билим берүү бөлүмү

 

Бүгүн, 28-сентябрда Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Ордо айылында жаңы мектептин ачылышы болгон. Ага өлкөнүн вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жана облус башчысы Узарбек Жылкыбаев катышкан. Мектептин ачылышына вице-премьер 2 сааттан ашык кечигип келгени жана анын күтүп жаткан мектеп окуучулары күндүн ысыгында өзүн жаман сезишкендигин айрым маалымат булактары жазып чыгышкан.

Ал эми Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Сүйүнбай Исаков SUPER.KG порталына мектептин ачылышы белгиленген мөөнөттөн 5 мүнөт мурун башталганын билдирди.

"Мектептин ачылыш салтанаты бүгүн саат 11:35те болмок. Иш-чарага мектеп окуучулары чакан концерттик программасын даярдаган. Чакырылган коноктор, анын ичинде вице-премьер Алтынай Өмүрбекова саат 10:55те эле, башкача айтканда, 40 мүнөт эрте келишкен. Окуучуларды салтанаттын башталышына аз гана убакыт калганда сыртка алып чыгып бир сыйра даярдыктар көрүлгөн. Андан соң күн ысык болгонуна байланыштуу балдар көлөкөдө отуруп турушкан. Ошол маалда журналист кыз тартып алып туура эмес маалымат тараткан экен", - дейт Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
28.09.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Койгулачы айланайындар 11:35те ачылыш аземин баштоо логикага салсаң да туура эмес бодуп жатпайбы. Саат 9:00га ачылыш аземи белгиленген менимче, ал эми вице-премьер айым туптуура 10:55те келип 2саатка кечиккен болуш керек...
28.09.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир нерсе болсо эле биз кечикбей келгенбиз деп айта беришет ушу чоңдор эч катасын моюндарына алышбайт
28.09.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вай ХХХХХ чекеден эле актанышат/Кимисине ишенээринди билбейсин
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-28 16:57:09
28.09.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Министр кыз 11:20да келдик дейт, мунусу 10:55 дейт
28.09.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Начальник не опаздывает, начальник задерживается болуптур да. Салтанаттык линейка 11 де башталганын коро элекмин. Кишинин баарын ким ойлошот. Министрликтен саат ровно 9 да баштагыла деген буйрук келет негизи. Азыр ондо болуп калды го
29.09.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул 10минут эрте баштап алыптыр деп айталы. А балдар турушунан аз дегенде 1саат куткондойго?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: