super.kg logo

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Кара-Суудагы кечигүү боюнча түшүндүрмө берди

 

Бүгүн, 28-сентябрда жергиликтүү маалымат булактарына "Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жаңы мектептин ачылыш аземинде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 2 сааттан ашык күткөн окуучулар өздөрүн жаман сезип, көлөкөдө баш калкалаган" деген маалымат жарыяланган.

Бул боюнча Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Сүйүнбай Исаков
SUPER.KG
порталына мектептин ачылышы белгиленген мөөнөттөн 5 мүнөт мурун башталганын билдирген.

Бул окуяга байланыштуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова өз оюн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Мектептин ачылыш салтанаты негизинен саат 12:00гө пландалган. Биз мектепке саат 11:20га бардык, ал эми салтанаттуу иш-чара саат 11:30да башталды. Мектеп окуучуларын тизгиле деп эч ким буйрук берген эмес. Мектептин курулуш иштери 10 жылдан ашык убакытка созулгандыктан, анын ачылышы айыл тургундары үчүн көптөн күткөн салтанат болду. Мындан кийин ушуга окшош иш-чараларга балдарды тартууга тыюу салабыз", - деп жазган Өмүрбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(5)
28.09.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вице премьер экенсин, калп айткандан уялсан болбойбу?! Ар кимин ар турдуу маалымат таратасын. Жолугушуу 12ге белгиленген учурда да, директордун буйругу менен мугалимдер окуучуларды 2 саат мурун эле алып чыгып тизип койгону калппы?! Сенин келгенинден окуучуларга эмне пайда?! Келген келип директор ж.б.учурап кайра кете бер, байкуш окуучуларды сабактан калтырып, тиздирип койбой ысыкта.

Деги иштейсинерби же жокпу?! Иштеген ишинерди бир корсоткулочу Сокенин кадрлары...
28.09.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chagylgan2, АЛЛАХТАН КОРК. Соке дегидей сен кимсин. Кааласан да каалабасан да Сооронбай Жээнбеков сенин жана сенин президентим. Бул Омур кыска тез эле отуп кетет эртеге Кыяматта бул кемсинтууно албетте Аллахтын алдында жооп бересин.Адамдын биринчи душманы бул тил тилди сактабасак эртеге ушул тилдин айынан тозоко тушуп калуубуз толлук мумкун...
28.09.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуучулары жок мектеп ачканды каяктан кордун эле сен?! Окуучуларды тизгиле деп эч ким айткан эмес деп, дагы бир жерде чай ичип отурган да бул.
28.09.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуучуларды кудай алмак беле деп, курсактарын тойгузуп шашпай отурушту да, кесме кесип
29.09.2018. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОшМУ да жаңы имарат бүткөндө улуу урматтуу президент келип катышып, студенттерди аябай тиздирген. Ошондо да бир кыз жыгылып калган. Проректор өзү көргөн бирок ошол кыз жакшыбы деп сурап койгон жок... Чоңдор уялгыла! Ал балдар бир үй бүлөнүн чырагы, кымбаты, жарыгы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: