Талас. “Манас Ордо” комплексинин учурдагы көрүнүшү
Комплекстин башкы дарбазасы, символикалык Башкы арка


Комплекстин башкы дарбазасы, символикалык Башкы арка

Кырк чорону эске салган "Кырк чоро" көпүрөсү

"Манас ата" гүлзар багындагы Манастын айкели. Айкелдин бийиктиги 6 метр, колоннасынын бийиктиги 15 метрди түзөт

Манастын күмбөзүнө жети дубандан келип зыярат кылышат

Кырк найзалуу көпүрөдөн музейге кетчү жолдун көрүнүшү

13 га жерди ээлеген, 500 орундуу "Аккула" ат майданы

"Манас ата" гүлзарындагы Манас жана анын кырк чоросунун айкелдери

Гүлзар бактагы кырк чоронун айкелдери композиция болуп, б.а топтоштурулуп да тургузулган

Кырк чоролордун биринин айкели

Административдик имарат

Манас таануу борбору

Манастын күмбөзү. 1968-1970-ж.ж. реставрацияга чейин

Душман бузуп кире албаган чепти элестеткен "Манас" эпосу музейинин сырткы көрүнүшү

Сагымбай Орозбаковдун мом (воск) материалынан жасалган келбети. 2010-ж., январь

Залкар манасчы, 20-кылымдын Гомери Саякбай Карала уулу. Келбети мом (воск) материалынан даярдалган. 2008-ж.

"Айчүрөк" операсындагы артисттердин кийимдеринен ушул кандагай шым гана калган

Келечектеги "Ачык асман таш эстеликтери" деп аталган музейди толуктоочу бал-бал таштар

Кароол дөбө - элибиздин тарыхындагы кылымдан-кылымга аздектеп, сактап келе жаткан ачык асман алдындагы тарыхый эстелик

Манастын күмбөзү - 14-кылымга таандык тарыхый-архитектуралык эстелик

Түлөөкана. Жылына 132 миң зыяратчы келет

Шыпаакана, азыркы аталышы "Ордо" элдик борбору
Талас облусунун башкы символдорунун бири - "Манас Ордо" комплекси. Алгач бул жай 1991-жылы “Манас күмбөзү” музей-коругу деп аталган. 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесинен кийин “Манас Ордо” мамлекеттик комплекси болуп негизделген. 2001-жылы өкмөттүн токтому менен “Манас Ордо” комплексине “улуттук” деген статус берилген. Комплекстин жалпы аянты – 225 гектар, анын ичинде 7 гектарлык алма бак, 13 гектар жерди ээлеген ат майданы, 6 гектарды ээлеген “Манас ата” гүлзары бар. Комплексте 77 кызматкер иштейт, ал эми "Манас Ордонун" 2012-жылдагы бюджети 3 миллион 705,7 миң сомду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
3

