super.kg logo

Колу чирип каза болгон 8 жашар кыздын өлүмү боюнча депутаттын айткан сөзүнөн кийин дарыгерлер иш таштаганы жатышат

 

Ысык-көлдүк 8 жашар кыздын колу сынгандан кийин чирип кетип, ал 10-сентябрь күнү көз жумган. Маселе коомчулукта талкуу жаратып, парламентте да бир нече ирет көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин жыйынында депутат Гүлкан Молдобекованын айткан сөзүнөн кийин Ысык-Көл аймактык ооруканасынын хирург дарыгерлери иш таштаганы жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган ооруканадан билдиришти.

Дарыгерлер "депутат коомчулуктун алдында бир гана хирургия бөлүмүнүн эмес, бүтүндөй оорукананын аброюна шек келтирди" деп Жогорку Кеңештин төрагасы, саламаттыкты сактоо министри жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө кайрылуу жөнөтүштү.

"Депутаттын "Чолпон-Атанын ооруканасына барсаңар өлтүрүп коюшат, хирургдары операция жасап жатып насыя алсаң дагы акчаны алып келип кой. Алдап кетесиң деп тикпей коюшат" деп эл айтты дегени, элге жамынып алып жалаа жапканы болду. Айткан сөздөрүнүн маанисине өзү деле толук түшүнбөсө керек. Өлтүрүп коёт деген сөз атайын адамдын өмүрүн кыйгандык болуп эсептелет жана сот жообуна тартылуучу иш. Бул сөзү менен депутат дарыгерлерди кылмышкерлер деген мааниде айтып жатат. Депутат Молдобекова саламаттыкты сактоо тармагынын бир көйгөйүн чечмек тургай, маселе катары алып чыккан да жок. Социалдык тармактардан эл алдында биздин оорукананын аброюн мынчалык түшүргөндөн кийин, ушул нерселерге фактылар менен жооп беришин талап кылабыз. Ошондуктан депутат фактыларды берсин же эл алдында Ысык-Көл аймактык ооруканасынын эмгек жамаатынан кечирим сурасын. Болбосо, биз, хирургдар 1-октябрдан тартып өз каалообуз менен жумуштан кетели", - деп айтылат кайрылууда.

Айта кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна 8 жашар кыз оор абалда келип түшкөнүн билдирген. Ал маалда кыздын колу чирий баштаган. Дарыгерлер дароо операция жасап, кыздын колун кесишкен. Кыздын абалы турукташканы менен, 10-сентябрь күнү таңга маал көз жумган. Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканасынын дарыгерлеринин ишине баа берүү үчүн комиссия түзүлгөн. Дарыгер Кубаныч Абдураззаков "Биринчи жардамды көрсөткөндө ишимди так аткаргам, бирок кысып салган деп күнөөлөп жатышат" деп билдирген эле.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(32)
28.09.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таарынбагыла алтындарым,жакшы болуп кетет.
29.09.2018. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
KyrgyzstanBishkek,врачтар учун акча биринчи турат бул факт.ооруган адам келсе ыраазы кылам десе товарыга оптом клиент келген соодагердей суйунушот.мойнунарга алгыла.айылда элдер акча чогултуп бир канча адамдарга жардам беришип жатат.биздин айылдан бир жигитибиз окууну бутуп ишке орношконго 10000$сурап элге да салып акча таппай койду.бул факт.
29.09.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolkun555,факт эмне экенин билесинерби озу?
28.09.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушакты колдонуп алып, депутаттын мындай деген туура эмес. Адам биринчиден озун билиш керек. Коруп жатабыз , депутаттардын кандай иштегенин.
28.09.2018. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
"Жаман катын кетем" деп коркутат болбой жон иштегиле да ал да укканын айтып жатат.Бир жагынан туура эле акча бербесен даже укол да сайбайт врачтар оздорунун долгдорун билишпейт.дай дай деп турат
29.09.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
wwwbaxa,эн туура +++++++
28.09.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи өзү көзгө көрүнө турган иш кылсын анан айтсын.
Парламентте отуруп алып оозуна келгенди сүйлөй бербей жөн эле.
8 жашар кызды атайылап өлтүрүшүптүрбү эмне?
Мен биринчи жолу көрүп жатам Гүлкан Молдобекова деген депутатты.
Beka9393 түзөттү 2018-09-28 21:37:24
28.09.2018. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жан керек болгондо жалдырап врачтарга барабыз жанталашып жакшы кара деп акча беребиз анан ким жаман врач жаман
28.09.2018. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эки жакта тен куноо бар, кайым айтышкандар озулору "периште"кишилер эмес!Силер да актап кетипсинер да!Биринчиден жогорудагылар озулору жакшы иштеп,анан бироого сын айтсын!Экинчиден "чындык "созго чычалаганча ошол кош конул болгон врачтарынарды тазалагыла всё!
28.09.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мен факты келтирип берем, башымдан откон бетинизге да коюп берем,акча албасанар олтуруп эле коесунар...Эл билет баарынарды дарыгерлер жакшылары да бар бирок жамандары алкымы чондору ото эле коп
28.09.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чуу жараткан маселелерден озуно упай топтоп куру популизм кылып калпы элге жакшы корунгон политиктерден качан кутулабыз????же бир пайдалуу кылган иши жок жалан зыян алып келген политиктер тажатты!!!
29.09.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
TalaCSKA,сенин оюнча политиктер жаш кыздын олумуно аралашпай коюшу керек беле.Чындыкты эле айткан ,врачтар акчаны нак кармамайынча аракет да кылып койбойт.Бинт,шприц,вата,перчатки ж.б Окмот камсыздаса керек ,бирок ошолорду да" сатып кел"-дешет
28.09.2018. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Deputattyn aytkany tuura ele. Vrachtar akchanyn kulu bolup kalgAn bersen karayt bolboso jol. Kabyl algan jerge baryp bir nerse surasan da 200 tawtap ket deyt nege desen konsultasiya. Men al nerseni jon ele suragam desem da beresin deyt.
29.09.2018. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыздын колун гипс кысып койгондуктан гангрена болгону корунуп турбайбы
30.09.2018. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BekAmir,гипс кысып койсо гангрена болот бекен ?
29.09.2018. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде озу иштеген адамдар аз эле, бирин бири сындагандар коп.
29.09.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Депутаттар иштебей эле ушак кууп отурганы чындык. Бирок врачтар боюнча айткан сынына макулмун. Ал кыздын олумуно эн биринчи Чолпон-Ата менен Боконбаевдин врач соройлорун куноолоймун. Эгер кайдыгер болуп оз ишине шалаакы мамиле кылбаса, ал кыз колунан ажырап, анан каза болуп калбаган болоор эле. Чындыкты моюнга алуунун ордуна чычалап иш таштайбыз деп коркуткандарына жол болсун. Мага десе вообще иштебей деле коюшсун, силер болбосо башкалар иштейт...
29.09.2018. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр эле факт мн айтып берем баштан атуп атат куйо балабыз Ошто сокур ичегисинен операция болду врачтар наркозго деп эле 1300 алышыптыр ага буга дешип арасында дагы алышыптыр чыгаарда 8000мин сом толойсунор дептир бир палатада канча адам жатса бир эле оору мн ар биринен ар кандай суммада акча бересинер дешиптир тим эле баш аламан экенин оз козубуз мн коруп атабызго айла жок сураган акчасын беребизда айвктырсын деп
29.09.2018. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анан калса врачтарга нааразычылыктар ото куч. Соттордон кийинки эле нааразычылыктар врачтарга. Адам ооруп айласы жок барат врачка. Бирок бири жакшы караса башкасы жаман карайт. Пара тилеп чонтогунду карап турат, Окмоттон маяна алса деле. Турмушу отпой жатабы? Андай дейин десен айрымдары зангыраган уйлордо жашайт элдин алды болуп. Пара алып журуп наспин тыя албай калышкан окшойт. Мындан 10-15 жыл илгерки Тынар менен Борончунун сатирасы бар эле.
Chagylgan2 түзөттү 2018-09-29 01:35:16
29.09.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оорубаган эле бирини оорулуу кылып, операция кылабыз, кол салабыз бут салабыз деген. Бугун ошол нерсе чындык болуп жатат. Ооруп врачка барсан башка эле ооруларды айтып операция кылып акча алгысы бар, соо болсон да.

Айтор бугунку врачтарга баруудан да коркосун. Таза адамга операция кылып инвалид кылып коюдан тартышпайт, акча учун. Ошондуктан бир канча врачка корунууго туура келет, кимиси туура диагноз койгонун билуу учун. Врачтарды шалаакылыгынан канча канчасы олуп да кетип жатат
Chagylgan2 түзөттү 2018-09-29 01:13:59
29.09.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chagylgan2,ар бир врачтын диагнозу деле узиси менен кеминде 1000 ден ашат.биринин узиси экинчисине отпойт
29.09.2018. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даарыгерлер акчан жок болсо карашбайт.Аны мойнуларына алышса жакшы болмок.Менда сокур ичеги болуп больницага барганда акчан болсо опереция кылабыз деп коюшкан. Эптеп карызга опереция кылышкан.Акчаны качан толук берсен жибин алабыз болбосо чирип ириндеп кетет деп коркуткан.Коп жыл болду.
29.09.2018. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин агам жөтөлүп,кыйналып врачтарга барган.Ошто тубдиспансерде бир врач-,,өпкөңдө жара бар экен,тезирээк операция кылыш керек"-дейт.Бишкекке да жонотолу анализди десе болбой,аартынан ээрчип алат.Агам негедир андан шекшип,операция кылдырбай Бишкекке корунгону бар.Бишкектеги тааныш врач опкон таптаза экен,кайсы врач айтты деп кейип калат.Корсо тамагыбы де кызыл онгочко суук тийип эле калган экен.Дары жазып,ошол менен эле айыгып кетти.
Jyrgal_msk түзөттү 2018-09-29 04:51:59
29.09.2018. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы бир тууган болом башы ооруп больницага барса,башында шишик бар,операция жасайбыз дейт.Макул болуп операция жасатат.Операциядан кийин да жылыш болбойт.Анан Москвага операция жасатканы келет.Москвадагы врачтар мурунку операцияда жон эле терини кесип,кайра тигип,шишикке тийген эместигин айтышат.Биздин врачтар операция кылып,акча алса болду.Мейли эгер айыктырса акчаны аянмак эмеспиз.
Врачтарды мамлекет козомолдобой койду.Акча учун операция деп соо адамды олтуруп же инвалид кылып коюшат.
Jyrgal_msk түзөттү 2018-09-29 04:54:12
29.09.2018. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча албаган врач жок. Азыр медфакты бутуш үчүн эң жогорку контракттык төлөйсүң, эң кымбат зачёт тапшырасын айлыгы аз бирок бай жашашат.
29.09.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Врачтарга чындап козомол жок ашыкча кооп кетишти Бир нерсе десен бар башка жакка корун деп коет же карап коюшпайт жооп керчилик жок телефон чукулап эле отурушат Бир нерсе сурасан жаны ишке киргенсип билбейм анализ тапшыр анан айтам акчанды толо дейт айтор ооругандан кудай сактасын ушул депутат аягына чыгып бардык врачтарды козомолдоп чыкса
29.09.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак жол жакшы баргыла ким иш издеп жүрсө баргыла хирургдар
29.09.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Gukush8993 Мен дагын кошулам айтканынызга депутат айым карап чыксын аягына чейин шалакы врачтарды.
29.09.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чынын айтканда врачтарга акча берсен карайт болбосо карап да коюшбайт.Бекер берилчуу даары дармектерге да акча толойсун.
29.09.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Депутат айым туура эле айтып жатат, Чолпон-Атанын больницасында мындай корунуштор коп эле болуп келет, врачтардын шалаакылыгы эмей эмне бул? Бул аймакта жашаган карапайым эл жакшы эле билет булардын кылгандарын. Иш таштаса таштай беришсин жаны кадрлар келет ордуна, мекенинен иш таба албай чет жакка кетип жаткандар толтура!!! Олкобуздун бардык эле ооруканаларын, торот уйлорун (коррупциясыз) текшерууго алуу керек!!!
30.09.2018. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутат айым эн туура айтаткан врачтардын шалаакылыгынан болду ал факт туурасын айтыпкойсо чычалап кеткиле силерден башка толтура иштейтургандар ушул кетем дегендердин лицензиясын алып койгула себеби башка жерге барып дагы бироону олтуруп койо электе как будто силер кететсенер жашоо токтоп калатургансып.
30.09.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз боозуса энесин коркутат .Жаш кызды олтуруп коюшуп ,эми тейтендешип кетебиз дейт го булар . Тообо жакшы баргыла!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: