super.kg logo

Бишкекте БТА Банктын директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскулов кармалды

 
Бишкекте БТА Банктын директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскулов кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага карата 3 кылмыш иши козголуп, ал сентябрь айынын ортосунда камакка алынган. Ага козголгон кылмыш ишинин бири "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууда катышкан" деп айыпталып жатканы маалым. ИИМ тергөө башкармалыгы толук маалымат бере электигине байланыштуу Рыскуловго дагы кандай айыптар тагылганы ачыкталган жок.
Айрым маалыматтарда Рыскулов качып кеткен экс-президенттин уулу Максим Бакиевге таандык "Идеал Хаус" коттедждер шаарчасынын сатылышы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар экени айтылууда.
Эске салсак, 2017-жылы Бишкектеги "Идеал Хаус" VIP-шаарчасындагы 48 коттедждин сатылышы боюнча журналист Элнура Алканованын журналисттик иликтөөсү жарыяланган. Анда бул шаарчаны аукциондо Сапар Исаковдун классташы Темир Рыскулов баштапкы баадан 100 миллион сомго арзан сатып алганы, буга өкмөт башчынын тийиштиги бар болушу мүмкүн экени айтылат. Журналист Темир Рыскулов менен Сапар Исаковдун бир тууганы Капар Исаков БТА банкта иштээри жөнүндө да сөз кылат. Журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды Башкы прокуратура териштирип, журналист айткан маалыматтар тастыкталбады деген билдирүү тараткан. Анда Сапар Исаков менен Темир Рыскулов эч качан бирге окубаганы, демек, классташ эместиги айтылат. Ал эми өкмөт башчынын бир тууганы Капар Исаков БТА банктын башкармалыгынын төрагасынын кеӊешчиси катары Сапар Исаков премьерликке келгенге чейин иштеген деп белгиленген. Журналисттин пикиринде, коттедждерди сатып алган адам Темир Рыскулов болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.09.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт... Исаковдун аты дагы далай аталат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: