Баткен. Кызыл-Жолдо белгисиз айдоочу автоунаасы менен аскерди сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти
2012-жылдын 19-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын
Жусубалиев көчөсүндө
КРнын Коргоо министрлигине караштуу №30630 аскер
бөлүгүнүн кенже сержанты, 1980-жылы туулган Кожоев Ибрагимди белгисиз айдоочу автоунаасы менен койдуруп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул тууралуу Баткен облустук ИИБинин
маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.
Жабырлануучу аталган кварталдын Сарай-Башы участкасынын тургуну. Учурда айдоочуну издөө иштери жүрүп жатат.
Автор: Бегайым Тажибай кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

