super.kg logo

Бишкекте 29-сентябрда "Дордой Плаза II" мультифункционалдуу соода борбору ачылды

 

Бишкекте 29-сентябрда "Дордой Плаза II" соода жана көңүл ачуу борбору салтанаттуу түрдө өз ишин баштап, шаар тургундары үчүн каалгасын ачты. Комплекстин ачылышына "Дордой" ассоциациясынын ардактуу президенти Аскар Салымбеков, шаар мэри Азиз Суракматов, депутаттар, жеке ишкерлер жана Бишкектин тургундары катышты. Өз сөзүндө Аскар Салымбеков борбордун курулушунда заманбап технологиялар колдонулганын белгилеп, комплекс жогорку стандарттагы суроо-талаптарга жооп берерин айтты.

"Биз убагында "Дордой Плаза II" да ишке киргизилет деп убада бердик эле. Ошол убадабыз бүгүн ишке ашырылганы турат. Борбордун ордунда буга чейин фабрика иштеген болсо, андан мурун мал базар болгон экен. Азыр замандын талабына жараша комплекс курдук. Бул жерде миңден ашык адамга жумуш орундары түзүлөт", - деди Аскар Салымбеков.

Аталган комплексте коопсуздук маселеси, өзгөчө өрт коопсуздугуна көп көңүл бурулган. Эвакуация кылуу үчүн 12 эшик, өрттү автоматтык түрдө өчүрүүчү жабдуулар орнотулган. Аянты 70 миң чарчы метрди камтыган ири мультифункционалдуу борбор калаанын жашоочулары үчүн түрдүү кызматтарды көрсөтүп турмакчы. Борбордун ичинде дүйнөдөгү алдыңкы бренддердин кийимдери, мыкты сапаттагы косметика жана парфюмерия, тиричилик буюмдары, үй эмеректери, азык-түлүк сатыла турган гипермаркет, балдар аянтчасы, заманбап кинотеатр, ресторан, кофе ичүүчү жай жана 800 унаага ылайыкталган унаа токтоочу жай бар. "Дордой Плаза II" соода жана көңүл ачуу борборунда шаар тургундары үй-бүлөсү менен келип эс алуусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Мурас-Оймо конушунун жашоочусу Медеркан Маккамова соода борбордун сырткы көрүнүшү өзгөчөлөнгөнүн айтты. "Сырткы көрүнүшү аппак болуп жакшы көрүнөт экен. Эшигин көрүп төрүнө өт" дешет го. Имараттын ичин да адамдын купулуна толо тургандай кылып салышыптыр. Азыр эшиктен кирип эле пальто сатылган дүкөнгө кирдик. Эми неберемди алып балдар аянтчасына бара жатабыз”, - деди ал.

Борбордун ачылышына келген конокторго концерттик программа тартууланды. Кызыктуу оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр белектерге ээ болушту.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
03.10.2018. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы саамалык экен. Эч болбосо жуздогон миндеген адамдар жумуш менен камсыз болот. Шаар тургундарына соода кылуу, конул ачуу учун жакшы жай...
03.10.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майлуу суттуу болсун.
04.10.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаардын кайсы жеринде экен?
04.10.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ahunali12,чуй правда кесилишинде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: