super.kg logo

Нарында улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгы белгиленип жатат

 

Нарын облусунун Кочкор районунун Ормонхан айылында Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде өтүүдө. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, облус башчысы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Маараке саат 11:00дө ат оюндары менен башталды. Кунан чабыш, жорго чабыш жана ат чабыш боюнча жарыштар болуп, учурда көк бөрү оюну өткөрүлүп жатат. Ошондой эле саат 17:00дөн 19:00гө чейин "Манас" айтылмакчы. Ал эми кечки саат 19:00дө расмий ачылыш болуп, анда театралдашкан оюн-зооктор көрсөтүлөт.

Көрүнүктүү манасчы Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930) 1867-жылы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде "Кабырга" деп аталган жерде туулган.

Сагымбай Орозбак уулу 9 жашында өзбек молдосунун жетекчилиги алдында арабча билим алып, ырдаганды жана ыр жазганды үйрөнгөн. Ошол мезгилдеги белгилүү манасчылардын айткандарын угуп, "Манас" эпосуна 15 жашынан тарта кызыга баштаган.

Сагымбай Орозбак уулу эл арасында "Манас" эпосунун сюжеттик толуктугу жана жогорку көркөмдүүлүгү менен айырмаланган эң көлөмдүү вариантын айтуучу катары атагы чыккан. Окумуштуу-фольклорчулар арасында анын варианты кыргыздын баатырдык эпосунун классикалык версиясы болуп саналат.

Эпостун текстин жазуу үчүн айтып берген биринчи манасчы - Сагымбай Орозбак уулу. Анын жазгандарын 1922-жылы башталып, 1926-жылы бүткөн жана 260 басма табакты түзөт. Манасчы оорусунан улам манас айтууну уланта албай, эпостун экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү "Семетей", "Сейтекти" айтып бере албай калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.09.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албетте той болгону жакшы, бирок калк карызга батып турганда тойлорду азайтып эле туру керекго. Тойду шылтоо кылып дагы буджеттен канчалаган акчаларды жеп жатышат...жегичтер
29.09.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдоочубуз Манас атабыз.
30.09.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан тойду токтотобуз? Качан чыгашаны азайтабыз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: