Президенттин эс алуудагы сүрөттөрүн "сүйлөтүп" мем жасаган дизайнер Башкы прокуратурага чакырылды (толукталды)





Сооронбай Жээнбековдун эс алуу учурунда көл жээгинде түшкөн сүрөттөрүнө текст кошуп, президент сүйлөп жаткандай көрүнүштү көрсөтүп мем жасаган дизайнер Никита Тарасенко Башкы прокуратурага чакырылды. Бул тууралуу 29-сентябрда ал өзү айтып чыкты.
"Президент тууралуу мем боюнча түшүнүк кат жаз деп мени бүгүн Башкы прокуратурага чакырышты. Эмне болуп жатканын мен дагы, прокуратура кызматкерлери да түшүнбөдү окшойт. Түшүнүк катта сүрөткө жазылган сөздөрдүн себебин, маанисин жазышым керек экен эле. Башында баары олуттуу мамиле кылганга аракет кылышты. Кийин чогуу күлүп эле узатып коюшту. Президенттин кадыр-баркына сарсанаа болгон бирөө арыз жазыптыр", - дейт Тарасенко.
Айта кетсек, август айынын башында президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдө эс алган. Анын эс алуудагы сүрөттөрүн президенттин басма сөз кызматы жарыялагандан кийин сүрөттөр интернетте талкуу жараткан эле. Дизайнер да интернеттеги баракчасына сүрөттөрдөн мем жасап жүктөгөн.
Президенттин көл боюнда, жалгыз кайыктын жанында турган сүрөтү коомчулукта өзгөчө талкуу жараткан эле. Мындан улам SUPER.KG порталы ошол сүрөткө ат коюу боюнча таймаш өткөргөн. Сүрөткө мыкты аталыш жазган жеңүүчү окурмандардын добуш берүүсү менен аныкталган.
кошулду



Сонун болуптур мага жакты. Прикольно. Соке чычалабай деле койсо болот
Акыркы кундору Соке деп суйлогон ообу жок гойрондор аябай кобойду.
Бироону сыйлай албайсынбы демек сен озун сыйга татыктуу эмессин.
Омур кыска отуп кетет. Эртеге кыяматта Аллахтын астында жооп берууну унутпагыла!!!!!
Жакшы кишини эл озу котормолоп алат, Мырзакматовдой бири болсо... Сокенин Атамбаев досуна окшоп турса эл сындайт...
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Порталдын эрежелерин сактагыла! Эскертүү!