Ошто кутурган ит тиштеген 19 жаштагы жигит каза болгон. Ошол эле ит дагы бир аялды тиштегени айтылды
Кутурган ит тиштеген 19 жаштагы жигит Ошто ооруканада каза болгон. Ит аны тиштеген күнү дагы бир аялды тиштегенин бүгүн, 30-сентябрда SUPER.KG'ге Ош шаары боюнча оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев билдирди.
"15-сентябрда кутурмадан каза болгон 19 жаштагы жигит менен бирге ал ит дагы бир аялды тиштептир. Бирок ал дароо ооруканага кайрылып, тиешелүү эмдөөдөн өткөн. Ал аялдын айтымында аны ит аялдамада коомдук транспорт күтүп отурган учурда келип тиштеп алган. Студент баладан "эмне себептен дароо ооруканага кайрылган эмессиң" деп сураганыбызда ал "акчам жок" болчу деп жооп узаткан. Айта кетчү нерсе кутурмага каршы эмдөөлөрдүн баары акысыз. Ал нерселердин баары аймактык ооруканаларда дайыма жетиштүү деңгээлде турат", - деп билдирди Эралиев.
Эске салсак, июль айынын башында 19 жаштагы Баткен облусунун тургунунун колун кутурган ит тиштеп алган. Баланын абалы оорлошуп кеткенде гана ооруканага жеткирилген. 14-сентябрдан 15-сентябрга караган түнү саат 2:00 чамасында ал каза болуп калган.
Маалымат үчүн: Ош шаарында жолбун иттерди атуу иш-чаралары күн сайын жүргүзөт. Мындай иш-аракеттер таңкы саат 4:00дөн саат 8:00гө чейин уланат. Күн сайын шаарда жана шаар четиндеги талааларда орто эсеп менен онго жакын жолбун ит атылат. Мергенчилер атайын техника жана ок дарылар менен камсыздалган. Ал эми атылган иттер атайын чуңкурга көмүлүп, ал жай белгиленген убакыт аралыгында зыянсыздандырылып келет.
кошулду



Эми бекер даары дармек деп чыга калбай ...
Комментарий жазгандын алдынан да бир аз ойлонуп жазсаңар. Безнаказанность порождает ....... деп эле жаза бергендин кереги жок.
Факт менен жазгыла, бцл ооруканада бул дарыгер вакцина сайып, акча алды деп.
Частный ооруканага кайрылып алып, башканын да башын айландырбай.