super.kg logo

Индонезияда жер титирөөдөн кийинки цунамиден каза болгон адамдардын саны 832ге жетти

 

Индонезияда жер титирөөдөн кийинки цунамиден каза болгон адамдардын саны 832ге жетти. Бул тууралуу куткаруу кызматтарынын маалыматтарына таянып 30-сентябрда жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Табигый кырсыктын кесепетинен жаракат алып, турак жайсыз калган жарандардын так саны айтыла элек. Миңдеген имараттар, оорукана, соода борборлору да кыйраган. Ошондой эле чоң көпүрө кулап түшкөнү маалымдалды. Кырсык орун алган аймакка бүгүн Индонезиянын президенти Жоко Видидо барды.

"Учурда талкаланган имарат, турак жайлардын санын тактаганга караганда талкаланбаган имараттардын саны айтуу жеңилирээк болууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, цунамиден көтөрүлгөн суунун бийиктиги 6 метрге чейин жеткен. Күчү 7,5 баллга жеткен жер силкинүү учурунда көп адамдар имараттардын алдында калып кеткен. Жабыркагандардын саны көп болгондуктан дарыгерлер аларга оорукананын короосунда медициналык жардам көрсөтүүгө аргасыз болууда. Учурда чет өлкөлүктөрдөн Франциянын 3 жараны, Түштүк Кореянын бир жараны жана бир малайзиялык жаран дайынсыз болууда", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Индонезияда 28-сентябрь күнү күчү 5,8, 6,1 жана 7,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын натыйжасында Сулавеси аралында цунами башталып, көтөрүлгөн суунун бийиктиги 2 метрге чейин жеткен. Белгилүү болгондой жыл сайын Индонезиянын аймагынан сейсмологдор күчү 4 баллга чейин жеткен 6-7 миң жер титирөө фактысын каттайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
30.09.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аллахым балээ апаатардан жаман коздон жаман создон, шайтандан жана адамдардан болгон шайтандардан озун сакта.
30.09.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушундай бөөдө кырсыктан, жаратылыш кырсыктарынан кудай сактасын
30.09.2018. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ниетти туздойлу
30.09.2018. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактасын тилсиз жоодон.
30.09.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах өзү жамандан асрасын.832 адам каза болуптур бул деген отооле коп ал эми Европа же Америка Россияда теракт же башка себеп менен 20-30 адам каза болсо жылдап тв дан түшпөй жазышат.2жыл алдын баягы Франциянын газета чыгарган жерде шарли дебо беле точна билбейм 20дай адам каза болду эле бардык дүйнө Францияга көңүл айтып аларга кошулуп көпчүлүк Франциянын желегин профилге койуп алганычы алар аз келгенсип кыргыздарда Франциянын желегин койуп алыптыр.Мусулмандарды жамандап жазып атса ал газета
30.09.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин Жибек Сакеева эмне болду? По Индонезиянын Бандунг шаарында беле? Срогу качан бутот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: