super.kg logo

Иранда 27 киши аракка ууланып каза болду

 

Иранда 27 киши аракка ууланып каза болуп, 176 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалымат катчысы Мойтаба Халединин 30-сентябрда билдиргенине караганда, өлкө боюнча сентябрь айынын акыркы күндөрү спирт ичимдиктерине ууланып жалпы 302 адам ооруканага жаткырылган.

Адамдардын өлүмү Түндүк Хорасан, Хормозган, Альборз жана башка провинцияларда катталган. Каза болгондордун көбү Хормозган провинциясынан, Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей дагы 8 кишинин абалы оор.

Спирт ичимдиктерин үй шартында мыйзамсыз жасагандар жана саткандар полиция тарабынан колго түшүрүлгөн. 1979-жылкы революциядан кийин Иранда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Бирок буга карабастан алкоголдук ичимдиктерди саткандардын саны арбын.

Айта кетсек, сентябрь айынын башында Кереж шаарында 40 киши аракка ууланып ооруканага түшкөн, алардын төртөө көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.10.2018. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда сан жетпейт. Аракка ууланып, реанимацияда канчасы өлдү.
01.10.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда ушундай кылып чыгарсын аракты эч ким ичкис болот эле.
01.10.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда арак сатырбай койгон айылдарда арак ичем деген киши бат эле таап ичет,бирок мына ошондо колго жасалган самапалдарды көп ичишет зыйаны канча.
01.10.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак саткандарды эмес ичкендерге иш козгобойбу, ичем деген адам любой жерден таап ичет. Эч ким ичпей койсун, бекитип жасагандар эмес, ачыка чыгып жасаса дагы эч ким ичпей банкрот болот...
01.10.2018. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту окурман! Кайсыл нерсеге тыю салынса ошол нерсеге талап кобойот. Бул жашоонун мыйзамы. Болгону чегаралап коюш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: