super.kg logo

Индонезияда жер титирөө жана цунами болгон учурда 21 жаштагы диспетчер учактагы жүздөгөн жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактап калып, өзү көз жумду

 

Индонезияда 21 жаштагы авиадиспетчер Антониус Агунг учактагы жүздөгөн жүргүнчүлөрдү сактап калуу үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, 7,4 баллдагы жер титирөө болуп жаткан маалда эр жүрөк жигит Сулавеси аралындагы Палу аэропортунун мунарасында болуп, учактарга багыт берип турган. Ал "Batik Air" аба компаниясына таандык, бортунда жүздөгөн адам бар лайнер абага көтөрүлгүчө диспетчерлик мунараны таштап кеткен эмес. Андан башка кызматкерлердин баары кыйроо коркунучунан имараттан чыгып кетишкен. Уча турган учактын жолунда терең жаракалар пайда болгондуктан, диспетчер учкучтарга багыт берип турган.

Жүздөгөн жүргүнчүлөр бар учак коопсуз жайга жеткенде, мунара урап баштаган. Агунг кыйрап жаткан имараттан чыгууга аракет кылып, акыры 4-кабаттын бийиктигиндей жерден секирген. Ал оор жаракат алып, ооруканада көз жумган.

Эскерте кетсек, Индонезияда жер титирөө жана андан кийинки цунамиде каза болгондордун саны 30-сентябрда 832ге жеткени кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(9)
01.10.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азамат! Азамат!
01.10.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жайы жаннаттан болсун
01.10.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чыныгы баатыр, патриот, адамгерчиликтуу инсан экен...
01.10.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баатырлардын баатыры!!!
01.10.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактасын
01.10.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мага окшош ер журок екен
01.10.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Samar90,Ооба сага окшош эр жүрөк экен,эми сен да 4-этаждан секирип жибер.
01.10.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баатыр деп ушуну айтат...
01.10.2018. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери Жайлуу болсун Жаны Жанната болсун Дуйнодо Ушундай Эр журок Инцандар коп болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: