super.kg logo

Кыргыздын Кореядагы элчилиги өлкөдөгү мамлекеттик мекеменин атынан Сеулга барып, кайтпай койгон кызматкерлердин атын атады

 

Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилиги өлкөдөгү мамлекеттик органдарды чет мамлекеттерде өткөрүлгөн иш-чараларга катыша турган адистерди тандоодо кылдат болууга чакырды. Аталган мекеменин билдирүүсүнө ылайык, туура эмес тандалган адистер мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен өлкөнүн имиджине зыян келтирүүдө.

"Тактап айтканда, ушул жылдын июнь айында Сеулда жыл сайын уюштурулуучу "ImportGoodsFair" эл аралык көргөзмө өткөн. Ал иш-чара Корея импортерлор ассоциациясы Соода, өндүрүш жана энергетика министрлиги, Тышкы сооданы жана инвестицияны жакшыртуу Корей агенттиги жана Эл аралык соода боюнча Корея ассоциациясынын колдоосу менен өткөрүлгөн.

Мындай иш-чараларда Кореянын импортерлору, түрдүү компаниялардын өкүлдөрү чет өлкөнүн Корея рыногуна чыгуу ниети бар ишкерлери, өкүлдөрү менен жолугушат. Ага Кыргыз өлкөсүнөн жергиликтүү азыктарды өндүргөн бир катар ишканалар менен кошо "Кыргыз Республикасынын курорттор ассоциациясы" да катышкан. Аталган ассоциациянын катышуусун Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сунуштаган.

ТИМдин аталган министрликке таянуу менен берген маалыматына ылайык, "Курорттор ассоциациясынан" Мирлан Усубалиевдин жетекчилигинин алдында Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбеков катышмак.

Буга байланыштуу Кыргыздын Кореядагы элчилиги аты аталган жарандарга виза жагынан жардам көрсөткөн. Бирок, тилекке каршы, Рысалиев менен Мирбеков ошол бойдон өлкөгө кайткан эмес. Муну менен алар Кореянын миграция мыйзамын бузду. Алардын мындай кадамдары Корея бийлигинин Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик органдарына негативдүү мамилесин жаратып, ишенимин жоготот", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле элчилик өзүнүн билдирүүсүндө бул Кыргыздын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери Кореяга келип, анын мыйзамдарын бузуп, өлкөнүн имиджин бузган биринчи көрүнүш эмес экенин белгилеген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
01.10.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элчилик жакшы кыласынар, болгонун болгондой айткыла, закондун негизинде, закон алдында баары бирдей
01.10.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албетте башка олконун мыйзамын бузган жакшы иш эмес.Бирок Кореяда калуунун себебин айтпасада тушунуктуу.Кыргыз мамлекети болгон кучун экономиканы которгонго жумшаса миллиондогон калкыбыз чет жерден нанын таап журбойт эле.Аман эсен иштеп келсин калып калган болсо эми...
01.10.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кылыч Султан мырза салыштырмалуу башкамэлчилерге караганда жакшы иш алып барып жатат. Малайзияда жургондо да тынымсыз иш чараларды откоруп, Сеулда да эл менен тынымсыз байланышта. Калган элчилер тымпыйып отурушат Кылыч мырзадан башка элчилерибиз барбы озу?
02.10.2018. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
erkeleim,туура айтасыз. Ушул кишини Россияга элчикылып бекиткенде алда канча жакшы болмок
01.10.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башка элчилер "сен мага тийбе мен сага тийбейм". Креслолорунан коркушат бир нерсе десе ишинен кол жууп калам деп.
01.10.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Башка элчилер жардам бермек турсун. Олкобузго чон зыян алып келип жатат. Айлык алат. Жардам сурап кайрылсан акча сурайт. Маселени чечип бербейт
02.10.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарыгер,Ошол элчилерди ачыка чыгарбайсынарбы жөн эле наалый бербей. Курулай сын такпай атын атып бул жака чыгаргыла. Силердин айынардан бардык элчи жаман көрүнүп жатат.
01.10.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул кишини Москвага элчи кылса кооптогон койгойлор карапайым элдин пайдасына чечилсе керек деп ойлоп коем дайыма.
01.10.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Посольствого ушул кишини коюнуздарчы Москвага сураныыыч.
01.10.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул кишини Москвадагы посольствого койсо жакшы болмок.
02.10.2018. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарыбыз сурансак бийлике унубуз жетеби
02.10.2018. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да кошулат элем. Москвага жонотсо деп.
02.10.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ким кандай иштегенин убакыт көрсөтөт. Башка элчилер деле кыймылдап жатат. Алардын иши силерге көрүнбөй жатса керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: