super.kg logo

АКШда жашап жаткан журналист Элнура Молдокадырова: "Жолдошум Ренат Самудинов Өмүрбек Бабановго каршы көрсөтмө бербей койгону үчүн камакка алынмак"

 

Саясий башпаанек сурап, учурда жолдошу Ренат Самудинов менен АКШда жашап жаткан КТРК каналынын мурдагы кабарчысы Элнура Молдокадырова коомчулукка дагы бир жолу видео кайрылуу жасады. Кайрылуусун журналист социалдык тармактардын бирине бөлүшкөн.

Анын айтымында, жолдошу, КСДП партиясынын жаштар канатынын мурдагы жетекчиси Ренат Самудинов Өмүрбек Бабановго каршы көрсөтмө бербей койгон. Мындан улам аларга карата коркутуулар болгондугу АКШга тез арада чыгып кетүүгө себеп болгон.

"Өлкөдөн чыгып кеткенибизге эмнелер себеп болгонун, кантип АКШдан саясий башпаанек ала алганыбызды баяндап, социалдык тармактар аркылуу келип түшкөн көптөгөн суроолорго жооп берип коюуну чечтим. Албетте, бул колдонуу үчүн сунуш эмес, болгону биздин башыбыздан өткөн тажрыйба менен бөлүшүп жатам.

Эмнеге АКШга кирүү үчүн виза сурабай өлкөдөн шашылыш чыгып кеттик? Бир жолу мындай окуя болгон. Мен жалгыз үйгө келсем, бейтааныш киши эшикти ачууга аракет кылып, сөгүнүп кирди. Жолдошума чалып, сүйлөшүп жатсам ал киши качып кетти. Менин оюмча, ал бизди коркутууга аракет кылган. Мунун баарын видеого тартып алганбыз.

Бардык тармактарда биздин тааныштарыбыз бар болчу. Алардан менин жолдошум, КСДПнын жаштар канатынын мурдагы жетекчиси Ринат Самудиновду жетекчиликке каршы чыкканы үчүн камоого сценарий даярдалып жатканын угуп калдык. Алар ошол кездеги президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун айланасындагыларга каршы көрсөтмө бердириш үчүн Ринатты камаганы жатышыптыр. Биздин өлкөдө бир гана арыздын негизинде кимди болбосун камап коюуга мүмкүн. Ошол учурда массалык түрдө камакка алуу башталган. Канат Исаев, биздин досубуз Мелис Аспеков сыяктуу кишилер кармалган. Ошондуктан өлкөдөн тез арада чыгып кетүүгө туура келди", - деп билдирген Молдокадырова кайрылуусунда.

Мындан сырткары журналист социалдык тармактардын колдонуучуларынан келип түшкөн суроолорго жооп берип, АКШга чейин кайсы өлкөлөр аркылуу учканын жана жолдо кандай жагдайларга туш болгонун баяндап берген.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 30-июнунда Ренат Самудинов саясий коркутуулар болгон үчүн жубайы менен өлкөдөн чыгып кеткенин айтып, социалдык тармактар аркылуу АКШдан кайрылуу жасаган.

Маалымат үчүн: Ренат Самудинов буга чейин КСДПнын жаштар канатынын жетекчиси катары таанылган. Самудинов президенттик шайлоого партиядан бир эле талапкердин аттанышына каршылыгын көрсөткөн. Анда партия мүчөлөрү Самудиновду катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Буга анын партиядагы ички тартипти бузуп, эч кандай ыйгарым укугу жок эле партиянын атынан билдирүү жасаганы себеп болгону жарыяланган.

Ал эми анын жубайы Элнура Молдокадырова КТРК каналында кабарчы болуп иштеген. Самудинов партиядан четтетилгенден кийин Молдокадырова жумушунда тоскоолдуктар болуп жатканын айтып, жумуштан кеткен. Бирок каналдын башкы директору Илим Карыпбеков эч кандай тоскоолдуктар болбогонун билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
01.10.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эми кайта бергиле. Атамбаевдин кандуу доору сонуна чыкты. Азыр баары эркин жашап жатат. Саясий куугунтук деген токтоду
01.10.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Улуу урматтуу "Соке" кандай "таза" жолдор менен такка келгенине дагы бир далил,бирок мунун эч кимге кызыгы жок,жадакалса элге дагы,эл да чарчады озунун арабасын озу тартып журот..
02.10.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Missing-u,Жээнбековду эл шайлаган.Кайдагы жомогунду айтпачы
02.10.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Missing-u, Таза жол менен келген сага эмне жок. Прездент көпчүлүктүн добушу менен бийликке келген.
02.10.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Erik2018, менен Базаке. Кудайды карап калп айтып жургулочу. Калптын да сурагы болоор акыретте. Ошондо Сокен жанында турбайт!

Соке кантип бийликке келгенин сен экоон эле эмес, жалпы эл билет. 3 миллион шайлоочунун 1 миллионун шайлоого киргизбей коюшту, Мадумаров менен Бабановду шайлайт деп. 300 мин мугалим, врач, студенттерди кучко салып мажбурлап, коркутуп Сокени шайлаттырды. Калппы?! Соке калган шайлоочуларга 1000 сомдон таратып добуш алды?! Кана таза шайлоо?!!
01.10.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Урматтулар! Орустарда Бир соз бар: "Победителей не судят".
01.10.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ушулар тажатты...
02.10.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза шайлоонун жыйынтыгы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: