super.kg logo

Москвада Кыргыздарды унаасы менен сүзгөн жарандын апасы жаңжалга катышпай туруп жаракат алгандардан кечирим сурады

 

Москвада Бекжан.С. аттуу жаран Кыргыз жарандарын сүзүп кеткенде 11 адам жаракат алып, бир адам каза болгон. Айыпталуучунун апасы бул окуяга тиешеси жок, бирок жабыркап калгандардын аты-жөнүн атап, алардан кечирим сурады.

Кылмышка шектүү катары камакта отурган жарандын апасынын айтымында, буга интернет баракчаларында ар кандай ой-пикирлер айтылып жаткандыгы себеп болгон.

"Ал кырсыктын кесепетинен бул окуяга тиешеси жок, бирок жабыркаган балдардын аттары караланып жатат. Алыс экенсиздер жете алган жокмун. Бул окуяда күнөөлүү жана күнөөсү жок балдар бар. Күнөөлүүлөр өз жазасын алат. Мен өзүмдүн жана уулумдун атынан бул окуядан жабыркаган Болот Абрахманов, Самарбек Абдрасулов, Нургүл Арстанова, Раджибали Зулпиев жана Мерген Руслан уулунан жана алардын ата-энесинен кечирим сурайм. Балам өзүн ушундай акыбалга жеткирип, өзүн башкара албай калган тура. Кырсык экен, мындай нерселерди душманыңа да каалабайсың", - дейт видео аркылуу билдирүү тараткан айыпталуучунун энеси.

Эске салсак, 9-сентябрь күнү Москва шаарында 20 жаштагы Бекжан аттуу Кыргыз жараны унаасы менен жол четинде турган 10дой Кыргыз жаранын сүзүп кеткен. Кырсык тууралуу кылмышка шектүүнүн карындашы, андан кийин өзү дагы окуя тууралуу көрсөтмө берген. Кылмышка шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган. Атасы Иса Жүжүбаев уулун окуяга чейин 10 бала шылдыңдаганын айтып берген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
01.10.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баары оз жазасын алсын. Топтолуп коптоп сабагандар да, элди унаа менен тебелетип сузгон уулу дагы.....

01.10.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Туштон кийин кечирим сурагыча уулу менен кызын уйуно алып кетсе болмок тунку 2ге чейин отурганыбыз жетет деп... Апасынында да куноо бар.
01.10.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ким ойлоптур мындай болушун,бир эле бул аялдын эмес копчулугунун деле балдары журбойбу кафелеп
01.10.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Birimdik5555, ошол туура эмес. Тан аткыча кафеде кууруп коюптурбу?!! Кафеге барып ичип мас болуп, бирин-бири сабап, кыздарды талашып, мас болгон кыздар ким менен кеткенин билбей, айтор жакшы иштер болбойт...

Энеси оппогон кыздар абийринен ажырап, анан тема ачат форумга, "алданып калдым" деп. Мас болуп абийрин кимге бергенин да билишпейт, аны жашырып коюшат... Жакшыбы эми ошол?!!
02.10.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адамдар кызык элебиз э? Кечирим сурабаса,сурабады дейбиз,Сурап койсо "туштон кийин"-деп.Ар ким озутилеп албайт мындайт каргашалуу кунду,бул кун айттырбай келет.Баланды антпейсинби,мынтпейсинби деп алып экрандын ары жагына отуруп алып бармагын иштеткендер буйруса эртеге эле силер да ата-эне болуп уул-кыз тарбиялайсынар ар биринин кылыгы чыгып турса бир озунор кайда жетишеринерди билбей калбагыла.Мындай кунду душманыма да каалабаймын.Бироого сын тагаардан мурун озунорду сырттан бир кара
02.10.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер деле идеалдуу дам эмессинер,туз журуп уй менен жумуштун же окуунун ортосунда жургон.Бугун болбосо башка куну бир аз солго баскан кунунор болот аны озунор да байкабай калышынар мумкун.
02.10.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жеке оюм да. Бул жерде бири бирин жазалабай, бир сөзгө келишип ынтымакта чечишип алганы жакшы болот эле. Чет элде кор болуп, башкаларга уят болбойт кайра кечиримдүүлүктүн, ынтымактуулуктун үлгүсү болгула. Эми болору болду. Кырсык бул кырсык, бирөөсү өлдү. Бирок азаптын үстүнө азап кошпой кечиримдүү болгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: