super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Атаандаштарын тоголото сүзгөн Добр менен Дайыр Исмадияров, командасына дем-күч берген Гүлзат Мамытбек. Жылдыздар катышкан бампербол оюну

 
Топтун артынан барып тоголонуп калган Добр.
Гүлзат Мамытбек Руслан Абыловдү киригизген голу менен куттуктап жаткан кези.
Футбол оюну жарымдап калганда Дайыр Исмадияров белгисиз себептерден улам шарикти чечип салды.

SUPER.KG порталынын SUPER TV бөлүмү жылдыздардын катышуусунда бүйүр кызыткан "Zor Шоу" программасын сиздерге тартуулайт. Кыргыз элине таанымал болгон инсандар бампербол оюну боюнча таймашты. Тактап айтканда, чоң көлөмдөгү үйлөнгөн шарларды кийип алып, бири-бири менен күч сынашты.

Эсиңиздерде болсо буга чейин ырчы Айдана Дека, "тамашоучулар" Урмат Борченов, Элдос Аскарбеков бийик жардан секирип тобокелге барышкан. Кийинки этапта кайрадан Айдана Дека менен Алмаз Шаадаев коркунучтуу караңгы бөлмөгө кирип квест ойноп чыгышкан. Ал эми ырчы жигиттерден турган 2 топ пейнтбол – көңүл ачуучу экстремалдык оюнун ишке ашырышкан.

Бул ирет "Zor Шоунун" коноктору кыргыз элине таанымал болгон эстрада жылдыздары Адилет Азимов, Руслан Абылов, Азалия, Добр, Дайыр Исмадияров, Үмүтай Абдышова, алып баруучу Айпери Адамкулова жана өзүн Кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек болду. Алар "Баатырлар" жана "Тайманбастар" деген аталыш менен 2 топко бөлүнүштү.

Оюн 3 бөлүктөн турду. Алгачкы бөлүктө командалар бири-бирин чийинден түртүп чыгарууга аракет жасашса, 2-бөлүктө оюнчулар салмагы 10 килограмм болгон шарлардын жолтоо болгонуна карабастан эрежесиз футбол оюнун ойноп, дарбазаны туштап гол киргизгенге далалат кылышты.

"Баатырлар" командасынын капитаны Гүлзат Мамытбек оюн ага позитивдүү эмоцияларды тартуулаганын баса белгиледи.

"Оюн эң жогорку деңгээлде өттү. Капитан катары команда мүчөлөрүнө дем-күч берип, алдыга сүрөгөнгө аракет кылдым. Шариктер менен чуркоо же кандайдыр бир кыймыл аракеттерди кылуу ыңгайсыз болгону менен жыгылганда бир жеримди оорутуп алам деп коркпойт экенсиң", - деп ой бөлүштү ал.

Жыйынтыктоочу "Ак терек, көк терек" оюнунда кызуу тирешүү орун алып, анда оюнчулар каршылаштарын тоголото сүзгөнгө да үлгүрүштү.

Ал эми "Тайманбастар" тобунун мүчөсү Добр оюнга бир аз даярдык керек экенин айтып өттү.

"Шариктерди көтөрүп чуркоо адамды бат эле чарчатып коёт экен. Кыздар күчтүү болуп биз менен тең тайлаша чуркап мыкты оюн көрсөтүштү. Топтун артынан чуркап баратып, өзүм да тоголонуп кетип, араң турдум", - деди ырчы.

Оюн учурундагы күтүүсүз жана кызыктуу көз ирмемдерди, кайсы команда жеңишке жетишкендиги тууралуу жакынкы күндөрдө SUPER TV бөлүмүнөн көрө аласыздар.


кошулду





Бампербол ойногон Дайыр Исмадияров Гүлзат Мамытбекке нааразы болуп, анын командасын чычалак деди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
01.10.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кичине акча болгондо артист болуп кетет элем. Клип тартып алсам болду эле.
Анан 2жыл Россияда иштеп келип тойго чачып салгандардын тоюнда 3ыр фонограмма ырдап 300$ алып, ушинтип ойномокмун
02.10.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Artyr1994,ким тоскоолдук жаратып жатат сизге ?
02.10.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен да жылдыз болгум келип журот.Акчан болсо эле жылдыз болосун.Же жыланач бир чыгып кой.Болду жылдызсын. ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-10-02 12:57:35
02.10.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jyrgal_msk,
Порталдын эрежелерин сактаңыз! Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!
03.10.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jyrgal_msk,Чечинип чыксан деле ар жагында болбосо акчада жардам бере албайт
SUPER.KG видео
04.10.2018. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыжаалат го Дайыр озунчоле:
SUPER.KG видео
04.10.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр туура эле айтыптырго. Эч кандай жаман нерсе коргон жокмун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: