Президент менен премьер-министр пенсияны жана дарыгерлердин айлыгын көтөрүүнү талкуулашты




Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пенсияларды жана дарыгерлердин айрым категорияларына айлыктарды жогорулатууну талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан таратышты.
Премьер-министр өлкө башчыга 2018-жылдын 1-октябрынан тартып пландаштырылган пенсияны жогорулатууга даярдык тууралуу маалымат берди.
"Мамлекеттик кирешенин жогорулашынан кийин орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзөт. Ошол эле учурда пенсиянын өлчөмүнө жана төлөгөн камсыздандыруу акыларына жараша пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү 7,1%дан 18 пайызга чейин көбөйөт. Башкача айтканда, пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% өсөт", - деп айтылат маалыматта.
Абылгазиев ушул жылдын 1-октябрынан тартып стимулдаштырылган төлөмдөрдүн эсебинен үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатыларын билдирди.



______
Кайра эле маяналар азаят экен да. Эл озу биртке маяна алса, аны да ага-буга деп кармап кала берсе, эл кайсы акчага жашайт?!
Бир омур иштеп, Окмотко толтура акча которгон мугалим, врач менен бир омур уйдо отурган уй кожойкелери бирдей пенсия алууда. Муну кандай тушунсо болот?! 1000 сом кыстарса 5000 сом менен пенсияга чыгарышууда.
Соке сен жыргатпай турган болдун!!! Кайсы арына пенсиялык камсыздоону кобойтуп жатасын?!!