super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте өткөн жеңил атлетика боюнча өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште Кыргыз спортчулары 17 медаль утуп алышты

 

29-30-сентябрь аралыгында Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жеңил атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, дүйнөлүк рекорддун ээси Кульчунова Мария Пинигинанын элесине арналган 15 жашка чейинки спортчулар арасындагы эл аралык мелдеш өтүп жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков билдирди.

Аталган мелдеште Кыргыз, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн спортчулар келип катышкан. Иш-чаранын алкагында кыска аралыкка жарыштар, алыстыкка секирүү, бийиктикке секирүү, найза ыргытуу жана ядро ыргытуу боюнча мелдештер орун алып, медалдардын ээлери аныкталды.

Кыргыз спортчулары бул мелдеште 17 медаль утуп алышты, анын ичинде 3 алтын, 4 күмүш жана 10 коло медаль болду.

Мелдештин жүрүшүндө кыргыз капчыгына 2 алтын медалды Карина Данилина жана 1 медалды Айнуска Калил кызы алып келди. Данилина 100 метр аралыктагы жарышта жана 100 метр аралыктагы тоскоолдуктар менен коштолгон жарышта биринчи келсе, Калил кызы 300 метр аралыктагы жарышта биринчи болуп келди.

Кыргыз капчыгына медаль алып келген спортчулардын тизмеси:

1-орун: Карина Данилина (100 метр аралыктагы жарыш);

1-орун: Карина Данилина (100 метр аралыктагы тоскоолдуктар менен коштолгон жарыш);

1-орун: Айнуска Калил кызы (800 метр аралыктагы жарыш);

2-орун: Артур Адамов (найза ыргытуу)

2-орун: Максим Щербаков (ядро ыргытуу)

2-орун: Карина Малаева (300 метр аралыктагы тоскоолдуктар менен коштолгон жарыш);

2-орун: Тилек Калыгулов (100 метр аралыктагы тоскоолдуктар менен коштолгон жарыш);

3-орун: Айжана Исманова (ядро ыргытуу);

3-орун: Артур Адамов (ядро ыргытуу);

3-орун: Шамиль Мусуралиев (100 метр аралыктагы тоскоолдуктар менен коштолгон жарыш);

3-орун: Ангелина Поцелуева (бийиктикке секирүү);

3-орун: Кыргыз курамасы (кыздар арасындагы 100 метр аралыктагы эстафета);

3-орун: Артур Байчоров (алыстыкка секирүү);

3-орун: Валентина Дрожжина (найза ыргытуу);

3-орун: Рафаэль Муратбеков (400 метр аралыктагы жарыш);

3-орун: Алексей Трифонов (800 метр аралыктагы жарыш);

3-орун: Тилек Калыгылов (1 миң 500 метр аралыктагы жарыш);






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: