super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Игорь Акинфеев Орусия курама командасындагы карьерасын жыйынтыктады

 

Футбол боюнча Орусия курама командасынын дарбазачысы Игорь Акинфеев улуттук курамдагы карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу маалымат Орусиянын футбол союзунун сайтында жарыяланган.

"Ар бир тарыхтын башталышы жана аягы бар. Менин дагы улуттук курамадагы тарыхым аягына жетти. Өз талаабызда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Орусия курамасын оюн талаасына капитан катары чыгарганым мен үчүн чоң сыймык болду. Чынын айтканда мен мындайды кыялданган дагы эмесмин. Бирок бул нерсе ишке ашты жана карьерамдагы эң чоң жетишкендик болду", - деп айтат Игорь Акинфеев.

32 жаштагы Акинфеев Орусия курама командасында 2004-жылдан бери ойноп келген. Курама команда менен 2008-жылы өткөн Европа чемпиондугунда коло медалды тагынып, 2018-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунда Испания менен беттеште пенальтилер сериясында 2 соккуну кайтарып, командасын чейрек финалга чейин чыгарган. Жалпы эсепте Игорь Акинфеев Орусия курама командасы менен 100дөн ашуун беттеште катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
01.10.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ легенда сен кайда ???кетпе сборныйдан сен жок Россиянын сборныйын элестетуу кыйын!
01.10.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Автор кичине жанылыштык кетиптир Игорь Николаевич 110 эмес 111 ойун откоргон
01.10.2018. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх Игорь. Сен кетсен эми Россия баягы таз кейпине тушот экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: