Балбак Түлөбаев: "Мэр Азиз Суракматов кыргыз тилинен кайрадан экзамен тапшырбайт"
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кыргыз тилинен кайрадан экзамен тапшырбайт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 1-октябрда мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев кабарлады. Анын айтымында, мэрдин кайталап экзамен тапшыруусуна негиз жок.
"Шаар башчысы буга чейин эле кыргыз тилинен экзамен тапшырган. Борбордук шайлоо комиссиясы жөн гана сунуш берип жатат. Ошондуктан кайрадан тапшыруусуна эч кандай негиз жок", - деди Түлөбаев.
Буга чейин журналист Канышай Мамыркулова өкмөттүн токтомуна таянып, Азиз Суракматов менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тил билүү деңгээлине нааразычылык билдирип БШКга арыз жазган. БШК арызды карап чыгып, эки мэрге "Кыргызтесттен" өтүүнү сунуштаган.
Суракматов мэрликке талапкер болуп чыкканда экзамен тапшырып, өз программасын кыргыз тилинде жазып берген. Ал программасын ката жазганына карабай комиссия "мамлекеттик тилди билет" деп баа берген.
кошулду


Журо бергиле "Курбан раазы болсун" деп.....
Кыргыз тилин 40-50го чыгып уйронуп жатыптырбы?! Ушундай пикир жазгыча уялып асынып алмакмын сенин ордунда болсом...
Сокенин тиешесин сурапсын, кошого артында Соке макулдугун берген сон шайланып жатат, б.а. шайлоо бул шоу. Баары Сокенин макулдугу менен болууда. Сокенин тандаган кадрларын коруп конул айланууда ачыгы. Журналтсттер Суракматовдун коррупцияга каиыштыгы барын айтып да чарчашты, Соке у
Эл сенин сатылма тил комиссияна ишенсинби же оз козуно ишенсинби?!!
Суракматов Бишкек мэриясынын депутаттар кенешинин спикери болуп турганда коррупцияга аралашканын далилдеп да чыгышты журналисттер. Ошондо коррупционер адам шаарды ондоп жиберет бекен?!!
Уят, уят. Соке ушул денгээлге чейин пас кетиптир, тролль жалдап.....
Азаттыкта да шагырап троллдору журот. Тоо десен бээ деп, Сокени колдоп, Сокенин бийлигин колдоп. Ооз ачыра койбой....
Мына сага Сокенин денгээли.....