super.kg logo

Эмгек мигранттарынын пенсиялык топтомдорун экспорттоо үчүн бир нече өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө

 

Эмгек мигранттарынын пенсиялык топтомдорун экспорттоо үчүн бир нече өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев маалымат жыйынында билдирди.

"Түркия менен пенсияларды экспорттоо боюнча келишим түзүлүп, азыркы учурда Жогорку Кеңеште ратификацияда турат. Келишим күчүнө киргенден кийин Түркияда иштеп келген жарандарыбызга ал жактын мыйзамдары менен пенсия көлөмү эсептелип, жетпей калганы биз тараптан кошулуп төлөнөт.

8-9-октябрда Москва шаарында Орусия тарап менен акыркы сүйлөшүүлөр жүрөт. Бул сүйлөшүүлөр да Түркия мамлекети сыяктуу пенсияларды экспорттоо тууралуу жүрмөкчү.

Мындан сырткары Түштүк Корея өлкөсү менен келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө иштеп жатат. Корея өлкөсү пенсиялардын топтомо компонентин гана которуп берип жатат. Башкача айтканда, расмий түрдө иштеп жүргөн жарандарыбыздын ал жактын улуттук пенсиялык агенттигине которулган төлөмдөрү мигранттар кайтып келген соң төлөнүп берилүүдө.

Ошондой эле чет өлкөдө жүргөн жарандар өз каалоосу менен пенсиялык фондго орточо эмгек акысынын 10 пайыздан кем эмес бөлүгүн төгүп, өзүнүн пенсиялык стажын топтосо болот", - деди Ирсалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.10.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул маселени онунан чечип беришсе, эл учун чыныгы кызматын, мигранттардын учурдагы эн куткон койгойлорунун бирин чечип беришет. Жада калса келечекте олкобузго да кыйла жардамы тийе турган проект.
02.10.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия дагы толоп берет бекен кийин официально иштеп атабыз налог толоп...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: