super.kg logo
  Саясат  

Журналист Бермет Букашева: "Президентти Жогорку Кеңеш ажыдаарга айлантууда"

 

Кыргыз элинде президенттер мөөнөтү бүткөнгө чейин "ажыдаар" болуп калат деген түшүнүк калыптанып калган. Ажыдаар тууралуу уламышты Алмазбек Атамбаев оппозиционер кезинде да, президент кезинде да такай айтып келген. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Президенттерибизди ажыдаарга айлантпоонун кандай рецепттери бар?" деген соболуна журналист Бермет Букашева жооп берди.

Букашеванын айтымында, президенттин ажыдаарга айланышына Жогорку Кеңештин тил алчаак болушу - башкы себеп.

"Жогорку Кеңеш көз каранды болбошу керек. Парламент чыныгы реалдуу бийликтин бир бутагы кызматын так аткарууга тийиш. Конституцияда ошондой жазылган, бирок турмушта андай болбой жатат. Депутаттар качан "тил алчаак" болгонду токтотушса ошондо президенттерибиздин ажыдаарга айланганы токтойт. Азыр эл Жогорку Кеңеш бийликтин бийин бийлеп жатат деп айтууда. Мисалы, акыйкатчыны "акүйкатчы" деп аташты. Эмне үчүн акыйкатчы кызматына Рита Карасартова менен Канатбек Азизди шайлашкан жок? Жарандык активисттерди шайлабай мурдагы чекистти шайлашты. Жогорку Кеңеш президентти өздөрү ажыдаарга айландырып жатышат", - деди Букашева.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, саясатчы Азимбек Бекназаров, журналист Нарын Айып, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, укук коргоочу Качкын Булатовдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: