super.kg logo

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду сот залына алып келишти

 

Бүгүн, 1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абактагы тергөө мөөнөтүн узартуу боюнча маселени карайт. Соттук отурум кечки саат 17:00дөн кийинки убакытка белгиленген.

Сапар Исаковду Биринчи Май райондук сотунун залына алып кирип кетишти. Аны менен кошо сот залына Сапар Исаковдун агасы, апасы жана жубайы кирди. Учурда соттук отурум жабык өтүүдө. Сапар Исаковдун тарапташтары соттун жыйынтыгын сырттан күтүшүүдө.

Буга чейин, 9-августта Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы болгон Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов шаардык соттун чечимин өзгөртүү максатында Жогорку Сотко кайрылган.

29-августта Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. Ал "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.






Сапар Исаковду сот залына алып келишти (1-октябрь, 2018-жыл)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
Медиа-портал
01.10.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качок болоюн деп калса керек эми,сизого баргандан бери оор атлетика менен машыгып жатса.
Медиа-портал
02.10.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапарга төшүн тосуп чыга турган эч ким жок. Же ал саясий фигура болсочу. Максим менен АШАнын кылмыштуу буйруктарын “жыртаңдап” жүрүп аткарып көнгөн неме. Жарыктык жигит акчаны самандай сапырып өткөргөн флешмобун жөн эле койбоптур. Жыйынтык чыкпагандан кийин. Же Исаков коррупционерлерге пиар да жардам бере албасын билбейби?
Медиа-портал
02.10.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар Исаков тергөөчүлөргө болгонун болгондой айтып, кылгандарын моюнга ала турган болсо, анда Атамбаевди да темир тор артына жетелечү көптөгөн фактылар ачыкка чыгары бышык. Ага жетпеши үчүн экөөсүнүн “достугу” уланышы абзел, ошол себептен экс-президент соратнигинин абактан эртерээк чыгышына өтө кызыкдар болуп жаткан чагы. Бирок бүгүнкү реалдуулуктан карай турган болсок, Исаковдун “суудан кургак чыгуусу” өтө эле кыйын болчудай. “Патронунун” көрсөтмөлөрүн аткарып, көптөгөн былык,кыңыр иштерди бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: